Жогорку сот Мадумаровго өкүм чыгарды
Жогорку сот 20-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго карата чыгарылган сот чечимдерин күчүндө калтырды. Отурум жабык режимде өттү.
Жогорку соттон билдиришкендей, кылмыш ишин кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 10-июлундагы чечими күчүндө калтырылды.
Адахан Мадумаровго карата эки кылмыш иши козголуп, кийин алар бир өндүрүшкө бириктирилген.
Биринчи иш анын 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасынын тилкеси боюнча кол койгон протоколуна тиешелүү болгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын ээлеген. Бул факт боюнча ага алгач мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы коюлган.
Экинчи иш жаран Чыңгыз Абдымомуновдун арызы боюнча козголгон. Ал 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин ырастаган. Кийин ал акчаны кайтарып берүүнү талап кылып милицияга кайрылган.
Бул факт боюнча Мадумаровго жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге «алдамчылык» беренеси менен айып коюлган.
Адахан Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту ага УКМКнын тергөө абагында кармоо менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандаган.
2024-жылдын 26-мартында Биринчи май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп тапкан, бирок кылмыштын мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу аны жазадан бошоткон. Өкүм чыгарууда сот айыпты мамлекетке чыккынчылыктан бийликти ашыра пайдаланууга кайра квалификациялаган.
2024-жылдын 26-апрелине караган түнү Мадумаров абактан чыккан.
Ошол эле күнү Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия анын «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
2024-жылдын 10-июлунда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
2026-жылдын 20-октябрында Жогорку сот да төмөнкү сот инстанцияларынын чечимдерин күчүндө калтырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

