Милиция президентке кайрылган келиндин билдирүүсү боюнча жооп берди

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы 25-октябрда «АКИpress» редакциясына Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын директорунун мурдагы орун басары, 1981-жылы туулган Кубанычбек Капаловдун жубайынын кайрылуусу боюнча комментарий берди.

24-октябрда президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары менен жолугушуусунда жесир аял жолдошу  карыздарынан улам өз жанын кыйган деген версияга күмөн санап жатканын билдирди.

Жолугушууга катышкан ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов иштин айрым чоо-жайын айтып берди. Алсак, Капаловдун сөөгү 2026-жылдын 13-мартында Чоң-Арык айылында өзүнүн унаасынан табылган. Ошондой эле окуя болгон жерден кат табылып, анда Капалов өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү суранган.

ИИМдин маалыматы боюнча, ок атылган мылтык расмий түрдө Капаловдун наамына катталган. Бийбосунов тергөө уланып жатканын белгиледи жана президент ишти өз көзөмөлүнө алды.

Өз кезегинде борбор калаанын милициясы экспертизалардын жыйынтыгы менен. КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү («Өзүн  өлтүрүүгө жеткирүү») боюнча кылмыш иши 14-мартта козголгон.

Тергөөнүн алкагында Капаловдун жакындары, кесиптештери, күбөлөр жана башка жарандар суракка алынды. Мындан тышкары соттук-медициналык, соттук-баллистикалык, дактилоскопиялык, соттук-биологиялык, соттук-кол жазма таануу жана өлгөндөн кийинки психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Капаловдун өлүмүнө көкүрөк тушуна ок тийип, өмүргө маанилүү органдары жабыркап, көп кан жоготуу себеп болгон. Изилдөө жүргүзүүдө каза болгон адамдын канынан этил спирти жана баңгизаттар табылган эмес.

Комплекстүү соттук-медициналык жана баллистикалык экспертизалардын корутундуларына ылайык, жаракат 12-калибрдеги жылмакай аңчылык мылтыгынан тыгыз такалбаган аралыктан бир ирет атуудан улам келтирилгени аныкталган.

Ошол эле учурда, эксперттердин корутундусуна ылайык, маркум аталган жаракатты өз колу менен келтирген болушу мүмкүн. Ок атылган учурда куралды башка адам кармап турганын так тастыктаган объективдүү маалыматтар аныкталган жок. Ошондой эле күрөшкө же тышкы физикалык таасирге мүнөздүү дене жаракаттары аныкталган эмес.

Муну менен бирге аталган эксперттик корутундулар кылмыш ишинин башка материалдары менен чогуу бааланат.

Соттук-кол жазма таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, 2026-жылдын 13-мартында табылган каттагы кол жазмаларды Капалов өзү адаттан тыш психоэмоционалдык абалда жазган.

Учурда кылмыш ишин тергөө уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз