Намазбек Ашим уулу улуттук оюндардын устаты эле

 
Биз азыр классташ досубуз, чыныгы эмгек адамы, мээнеткеч, улуттук оюндардын накта күйөрманы, даңазалуу балбан – күрөш, эңиш, улак тартыш боюнча атагы чыккан, Кара-Кулжа районунун, Ош облусунун, республиканын эңиш, эр оодарыш, күрөш, көк бөрү, аламан улак боюнча курама командаларынын мүчөсү, бир катар ири расмий маара¬келерде, республикалык спартакиадаларда, аш-тойлордо баш байгени, байгелүү орундардын ээси болгон  инсан – Артыков Намазбек Ашимович тууралуу сөз кылабыз. 
 
Биз билген Намазбек
 
Досубуз өмүр бою, элет жеринде эмгектенип, эмгегинин үзүрүн көрүп, баар таап, өзү¬нүн кыска, нуска, өрнөктүү, байсалдуу эмгек жолунда ата-бабалардын таалим-тарбиясын урматтаган, наркын, салтын сак-таган, ак эмгекти барктаган, адамгерчиликти даңктаган, акый¬катты жакта¬ган, калыс¬тыктан кайтпаган, журт ишени¬мин актаган,  куру убада айтпаган, элге кадыры сиңип, кызматы өтүп, нускалуу өмүр сүргөн адам, жөнөкөй инсан катары эсибизде калды.
Ортодогу Намазбек, оң жактагы анын үзөңгүлөш агасы, өнөктөшү, атактуу чабандес, Замирбек Майлубашов, сол жактагы үзөңгүлөш чабандес досу, тууганы  Аскербек Майлубашов
Намазбектин кыскача өмүр таржымалы: 1961-жылдын 10-мартында туулган, 1969-1979-жылдары “Ленинчил-Жаш” орто мектебинде окуган, 1979-1981-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, 1982-1986-жылдары Жалал-Абад зооветеринардык техникумунан сырттан окуп билим алган. Баса дал ошол 1982-жылы кайра эле классташыбыз Анарбүгө үйлөнгөн. Зооветеринардык окуу жайды аяктагандан баштап өмүрүнүн акырына чейин айыл, мал-чарбасында, Карл Маркс атындагы колхоздо зоотехник катары колхоз тарагыча, андан кийин элет жердеги чарбада тынымсыз эмгектенип, 2016-жылы 10-февралда жарык дүйнөдөн өткөн. Ошол Намаз досубуз тууралуу азын-оолак кеп кылгыбыз келди.
6-класстагы кезибиз, солдон биринчи турган узун бойлуу Намаз, оңдон 5-турган мен, класс жетекчибиз Догдурбек агай, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Томан агай.
Биздин классташтардын ичинен элге, журтка бизден эртерээк таанылганы, классташыбыз Артыков Намазбек Ашимович болду. Анткени орто мектепти бүтүп, армияда кызмат өтөп келгенден кийин, бизге салыштырганда эрте үйлөнүп, бала-чакалуу болуп, элет жеринде калып, ата жолун улап, айыл чарба жаатында жаштайынан эмгектенди.
 
Улуттук спорт – анын сыймыгы эле
 
Намаздын бир өзгөчөлүгү – жаштайынан кыргыз элинин улуттук оюндарына кызыгып, эңиш, күрөш, эр оодарыш, көк бөрү, аламан улак тартышка шыктуулугу, жөндөмдүүлүгү болду. Классташыбыз  жаш кезинен эле улуттук оюндарыбыздын чыныгы күйөрманы, даңазалоочусу жана аны алып жүрүүчүсү катары таанымал болуп, элге тез алынып кетти. Дал ошол кыргыздын улуттук - күрөш, эңиш, эр оодарыш жана улак тартыш, аламан улак  сыяктуу оюндарында өзүнүн зор күчүн, балбандыгын шамдагайлыгын, ыкчамдыгын, кармаган жерин бекеринен коё бербегендиги, темирдей катуу колдору, булчуң эттери жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, кадыр-баркка жетти. 
 
Намаз пир туткан, өз дараметине жараша салымын кошкон, жыл өткөн сайын эл арасында популярдуу болуп бара жаткан, кыргыз элинин канында, тарыхынын катмарында калган улуттук оюндар болду. Анын даңкын чыгарып, баркын көтөргөн, бул – күрөш болду. Атаандашын ыктуулук менен жерге жыгуу – бул чыныгы балбандын, баатырдын белгиси эмеспи.
Биздин Намаз досубуз улуттук спорт оюндарында өз өнөрүн, чеберчилигин көрсөтүп, эл оозуна алынып, кадыры сиңип, көпчүлүккө, айрыкча жаш муундарга үлгү болду. Маалым болгондой, ар бир улуттук оюндун артында кылымдар бою калыптанган тарых, элдин руханий дөөлөтү жатат. Намаз дал ошол мурастарыбызды, дөөлөттөрүбүздү даңазалап, туу тутуп, кастарлап өткөн инсан болду десек жаңылышпайбыз.  
 
Жаш кезинде, жаңыдан элге алынып жатканда, ошол өз айылындагы Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстанга даңкы чыккан атактуу Төрөбек балбан, анын ондогон шакирттерин эңиштен, күрөштөн, улак тартыштан жеңген Намазга ак батасын берип, шыдыр жол каалап, жылуу тилектерин айткан экен. Муну өзү эле жаш балбанды улуттук оюндарыбыздын дагы жаңы жетишкендиктерине зор шык берип, зоболсун арттырган. Баса, дал ошол элге тааныла баштаганда, Намаздын кара күчү, балбандыгы, ат үстүндөгү чеберчилиги,  шамдагайлыгы  боюнча бабасы Болбурду жана таятасы Парманды тартканы эл арасында көп айтылып калчу.
9-класстын жазы, Намаз ортодо турат
Намаздын аты тез эле элге алынып, анын ысымы айылдарга, райондорго, облустарга жана республикага даңазаланып, көптөгөн мелдештерде, мааракелерде,  өзү сыяктуу балбандардын үстүнөн жеңишке жетип жүргөнү биз үчүн чоң сыймык болчу.  Ал алгач райондо, анан облуста аты чыга баштагандан тартып, республикалык деңгээлдеги мелдештерге, спартакиадаларга спорттук иш чараларга катыша баштады. Эң алгачкы жеңиштери Кара-Кул¬жада, Алайда, Аксыда, кийинчерээк Таласта, “Манас” эпосунун миң жылдык мааракесинде  болду.
 
Жеңиштердин жемиши
 
Залкар төкмө акын жана ойчул Барпы Алыкуловдун 110 жылдык мааракеси 1992-жылы мамлекеттик деңгээлде Сузакта, Барпыда кеңири белгиленген. Дал ошол жердеги мааракеге кыргыз элинин аттуу-баштуу акындары, өнөрпоздору элибиздин нарк-насилин, Барпы акынды даңазалашкан. Ошол мааракеде улуттук оюндарыбыз боюнча кыйындар, балбандар арасында курч атаандаштыкта мелдештер, спорттук оюндар өткөрүлгөн. Күчүнө толуп турган Намаз балбан да таймаштарга катышып, улуттук оюндардан эңиш, эр оодарыш, улактан биринчи орунду камсыз кылып, жеңиш менен кайткан. Ошол жакта жүргөндө төрөлгөн баласын ырым кылып Жеңишбек деп коюшканын, улуу уулу Жоодарбек жана туугандары арасында айтылып жүрөт.
Ал эми 1995-жылы Таласта өткөн “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракеси Намаздын жылдызын ачты. Дал ошол мааракедеги республикалык улуттук оюндар боюнча мелдеште Намаз экинчи орунду ээлеген, а чынында биринчи орунга толук татыктуу болчу дешет кошо баргандар, көргөн-билгендер. Бирок ал өзүнөн жашы улуу, атактуу Абдрахман балбандын жашын сыйлап, чемпиондук наамды ага утулуп берип койгону, өзү 2-орунга ыраазы болгону, анын кара күчкө таянган, күч атасын тааныбаган спортсмен эле эмес, дал ошол спортто да улууну урматтаган, кичүүгө сый мамиле кылган Намаздын адамгерчилик улуу сапатын билдирип турат.
 
Күрөштө болобу, улакта болобу же эңиште болобу Намаз чечкиндүү, күчтүү, намыстуу  кармашы жана туруктуулугу менен атаандаштарын таң калтырып, тан бердирчү экен. Анын мындай мыкты сапаттары, жетишкендиктери тууралуу бир катар элге таанымал балбандар, кадыры сиңген инсандар көп эскеришчү. Мисалы, Намаз менен ар кайсы мааракелерде, аш-тойлордо күч сынашкан, дээрлик баарын жеңген досубуз тууралуу алайлык балбан Төлөгөн, Ноокаттык балбан Абсалам, Нарындык балбан Дурус, Таластык балбан Абдрах-ман, Кара-Кулжалык Болот, үзөңгүлөш достору, агалары, айтылуу чабандестер Замирбек Майлубашев, Мамарасул, Айдар балбандар, Замирбек Турганбаев, Чыныбек Мамбетов, Аскербек Майлубашев ж.б. жылуу пикирлери, балбандык касиетине суктанышканы эл арасында айтылып жүрөт.
 
Улуттук спорттогу улуттук адеп
 
Намаз өзү катышкан улуттук оюндарда эч качан жеңилип  калган тарапты басмырлап, кээ бирөөлөргө окшоп, башынан аттаган эмес экен. Бул анын адамгерчилигин, адилеттигин, улуттук оюндун наркын, баркын, тартибин бекем сактаганы тууралуу кабар берет.
 
Аскербек досубуз Намаздын дагы бир окуясын көп айтат. Бир жолу Ошко анын үйүнө келген Намаз экөө сыртка чыкса, бир “Нива” машинасы чоң жолдун четиндеги чоң арыкка-лотокко  түшүп кетип чыга албай жаткан болот. Жардам сураган жигиттерге макул болгон Намаз негизинен өзү, Аскербек колдоп машинаны арыктан-лотоктон көтөрүп чыгып койгонун, ага айланадагылар тан бергенин эмдигиче айтып жүрөт.  
 
Намаз өз убагында күрөштөгү, улак тартыштагы, эңиштеги, ат үстүндөгү чеберчилиги, эрдиги, эпчилдиги жана тайманбастыгы, тартынбастыгы менен көпчүлүктүн ыраазычылыгын алган. Жогоруда аталган улуттук оюндардын баары эр жүрөк, күчтүү, чыдамкай жигиттерге таандык мүнөз болгону баарыбызга маалым. Өкүнүчтүүсү бул өнөрлөрү, шыгы, таланттары биз менен чогуу өсүп, окуган, Намаздын тага журту болгон Чалма айылында эмес, чоңойгондо келген ата-журту Ылай-Талаа айылында ачылганы, элге-журтка токбай-талаалык эмес, ылай-талаалык болуп аты чыкканы болду. 
 
Бала чакта биз негедир Намазды чалмалык, Кадырмамат абанын баласы деп эле, бала кыял менен жүрүппүз, көп убак. Көрсө Намаз Чалмага жээн болот экен, атасы биз билген Чалмадагы Кадырмамат аба эмес, ылай-талаалык  Ашим аксакал тура. Болгону Намаз жаштайынан Чалмада тага журтунда жүрүп, биз менен бирге чоңоюп калган экен.  Кийин билсек, Намаздын дагы 6 бир тууганы бар экен. Алар -  Жамилакан, Үсөн, Пайизбек, Жаннат, Манас, Бактыгүл. Булардын баары турмушта, жашоодо өз орундарын таап, бала-чакалуу болуп, улуулары небере, чебере көрүп калышты.
 
Жаш кезибизде анча маани берген эмес экенбиз, кийин токтонуп калганда баамдасак, биздин Намаз классташыбыз өзүнүн карандай күчү, алп денеси, тартынбастыгы, шамдагайлыгы, тайманбастыгы, намыстуулугу менен күрөш, эңиш, эр оодарыш, улак тартыш сыяктуу кыргыздын байыркы улуттук оюндарын кылдаттык менен аткарып, жүзөгө ашырып  тез эле элге таанылып, олуттуу мааракелерде байгелүү орундарды ээлеп жүргөн балбан жигит болуптур.
 
Улуттук оюндарыбыздагы жетишкендиктери жөн гана спорттогу жетишкендик эмес. Бул Намаз досубуздун ата-бабалардан калган улуттук мурасты сактоо, кыргыз жигитине мүнөздүү чапчаңдыкты, эр жүрөктүүлүктү, намысты бекем тутуу жана ошол салттуу мурастарды кийинки муунга өткөрүп берүү аракетинде болгону болду. Классташыбыз Намаз ар дайым жердеби же ат үстүндө болобу дайыма, күч-кубаттуу, бараандуу жана сүрдүү, мелдештерде  намыстуу болуп элдин алкоосуна жетишти.
 
Намаздын дагы бир окуясын көпчүлүк аңыз кеп кылып айтып жүрүшөт. Улуттук оюндардан башка Намаз аңчылыкка да кызыкчу экен. Аңчылыкка мыйзамдуу түрдө Суу-Башы, Кулун көлү жакка барып, эс алышчу дешет. Бир жолу аңчылыкка чыгышып, аска-зоо арасынан торпоктон чоңураак кулжаны атып алышып, кантип алып кетээрин билбей турушса, Намаз өзү эле, 120 кило-граммдан ашык кулжаны, желкеге салып көтөрүп, ат байлаган узак жерге алып келип таштап койгон дешет, аны менен кошо барган мергенчилер. Бул анын кара күчүнөн, балбандыгынан, чыдамкайлыгынан, чарчап-чаалыкпаган-дыгынан кабар берет.
 
Ал күндөлүк жашоодо жөнөкөй, баё, адамгерчиликтүү, меймандос болуп, досчулукка да, тууганчылыкка да бекем болуп эсибизде калды. Жөнөкөйлүгүн ушундан билгиле, балдарынын айтуусунда, бир да жолу атайылап сүрөткө түшпөптүр, ушул макала үчүн паспорттогу сүрөтүн зорго таптык. Ошентип, Намаз өз ийгиликтери менен классташтардын, эли-журтунун сыймыгы болуп кала берди.
 
Намаз  улуттук оюндарыбызды кастарлап мамиле  кылуу менен чектелбестен, аларды жаш муундарга жайылтып, улуттук өзгөчөлүгүбүздү, салт-санаабызды, адаттарыбызды улантууга чоң салым кошконун, эл-жердин намысын коргоп, спорттук тарбиясы жана адептүүлүгү менен да үлгү болгонун белгилей кетели. Намаз ар дайым атаандаштарына да урмат менен мамиле кылып, жеңишке жеткенине текеберленбей, жеңилүүнү да кадырлай билген саналуу оюнчулардын бири болгонун көпчүлүк баамдап, баалап келген.
 
Үй бүлөсү тууралуу учкай кеп
 
Биздин досубуз Намазбек менен да, аяшыбыз Анарбү менен да классташпыз. 1969-жылы 3 класста 65 балдар, кыздар 1-класстан баштап, 1979-жылы онунчу классты 71 классташ “Ленинчил жаш” орто мектебин бүтүрдүк. Он жыл мектепте окуган учурубузда айылыбыз¬дын сыймыгы, урма¬ты болгон Үкүш, Капар, Пайзилда, Сайди¬рах¬ман, Абдымомун, Таа¬бал¬ды, Догдурбек, Эргешбай, Муса, Макенбай, Жээнбек, Абжапар, Назирбай агай¬лар, Сара¬бү, Баарикан, Дари¬ка, Үрүят, Айнакан, Төпө¬кан, Асел, Токтогүл, Зулфия сыяктуу ж.б. ат¬туу-баштуу агай эжекелердин таасын тарбиясын алдык.  Биз өмүр бою ошолорго таазим кылып, аалам¬га жолду дал ошол биздин айыл¬дан, биздин мектептен бизге ачып кой-гондору үчүн алкыш айтып, дайыма сый-урмат менен аларды эстеп келебиз.
 
Биздин бала чак, мектептин жогорку класстарына баргандан баштап кол¬хо-зубуздун чөп чабуусуна, кышында койчулардын короо-сарайларын таза¬лоо¬го кол кабыш кылуу, көптө¬гөн классташтарыбыз жазында сакман баккан ата-эне-сине жардам берүү менен коштолду. Мындай учурларда Намаздай мээнеткеч, талыкпай, чарчаганды билбей эч кимибиз эмгектенбейт элек. Көрсө Намаз жаштайынан эле ар түрдүү үй, чарба жумушуна бышкан экен. Биз 6-7-8-9-10-класстарда “Ленинчил жаш” колхозунун чөп чабуу, тоют даярдоо компания-сына активдүү катышып, чөмөлөк жасадык. 9-10-класста кадимки чоң кишилердей эле чапкы чаап, колхоздун тоют камдоосуна жардам кылдык.
 
Баса, 7-класстан баштап Кара-Суу районунун колхоздорунун пахтасын терүүгө барат элек. Күнүнө 60-70-80 килого чейин пахта тердик. Ар жылы пахта теримде балдардан Намаз, кыздардан Анарбү айырмаланып, көп пахта терип, дайыма алкоого татышчу эле.
 
Заман өзгөрүп, жашоонун нугу бурулганда, бир топ классташтарыбыз өз зама¬нынын талабына жараша жеке ишкерлер, коммерсанттар жана бизнес¬мендер болуп чыгышты. Азыр баарыбыз чоң ата, чоң эне, таята, тайэне болуп, небере¬лер-дин ырахатын көрүп жатабыз.
Намаз менен Анарбү ылай-талаалык достору менен
Булардын ичинен классташтарыбыз Намазды, анын түбөлүк жары болгон Анарбүнү алардын жашоодогу жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, сыйкорлугу, меймандостугу, тууганчылдыгы, улууга урмат, кичүүгө сый мамиле кылуусу, уул-кыздарына татыктуу тарбия берип, уучтары узарып, элге-журтака таанылганы  айырмалап тураарын да баса белгилей кетели. Намаз менен Анарбү, мектептен кийин да, 1982-жылдан баштап, өмүр жолдорун бирге кол кармашып басышканы, бир чети таң калтырат, бир чети суктандырат. Таң калтырганы он жыл чогуу окуп, бири-биринен чарчап-чаалыкпай, тескерисинче камыр-жумур болуп, ынтымак-ырашкерлүү үй-бүлө куруп кеткени болду. Суктандырганы классташ болуп туруп үлгүлүү үй-бүлө түзүп, ынтымактуу жашап, өздүрүнүн жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, досчулдугу, тууганчылдыгы, улууга урмат, кичүүгө сый мамилелери, каттоого бекемдиги менен башка үй-бүлөөлөргө  үлгү болгону болду.
 
Орто мектепти бүткөндөн кийин көп жыл жолугушпай кеттик, бир жагы жигиттер Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө, андан ары окууга кеттик, кыздарыбыздын көбү турмушка чыгышып, башка жактарга  кетишти. Экинчи жагы, Намаз менен Анарбү Чалмада эмес, Ылай-Талаада жашап, эмгектенип, бала чакалуу болушту. Негизи Намаз менен Анарбү 2 уул, 2 кыздуу, 14 неберелүү болушту. Чоң уулу Жоодарбек, келини Жанаргүл – неберелери  Айжаркын, Асема, Арсел, Рамазан. Экинчи кызы Чолпонай, күйөө баласы Эржигит – неберелери Арслан, Малика, Эргазы, Алинур. Үчүнчү  уулу Женишбек, келини Кундузкан – неберелери Ариет, Айсултан, Жасмина, Медина. Кенже кызы Айгерим, күйөө баласы Нуржигит – Алфия, Айлин.
 
Учурда Намазбек менен Анарбүнүн уул-кыздары ар кимиси турмуштан орундарын таап, бала-чакалуу болуп, турмуш жолун улантууда. Булардын төрүнүн көркү болуп биздин классташыбыз Анарбү отурат. Бар бол, Анарбү!
 
Абытов Байболот Капарович,
тарых илимдеринин доктору, профессор, 
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн Эмгек сиңирген кызматкери
Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз