Анкарада ТМУнун 13-саммити өтөт
Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 13-саммити 30-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын уюштуруусу менен «Түрк кылымы: тилде, ойдо, иште биримдик» темасында Анкарада өтөт.
Саммитке ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү жана ТМУнун башкы катчысы катышат. Жыйында уюмдун алкагындагы кызматташтыктын азыркы абалы жана келечектеги перспективалары, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты туудурган аймактык жана эл аралык окуялар талкууланат.
Лидерлер саясий кызматташтык, соода жана инвестиция, транспорт жана байланыш, энергетика, санариптик трансформация, маданий жана гуманитардык кызматташтык, ошондой эле институционалдык өнүгүү сыяктуу уюмдун артыкчылыктуу багыттарында жетишилген ийгиликтерди баалашат деп күтүлүүдө. Бул алкакта түрк мамлекеттеринин ортосундагы биримдикти жана ынтымакты андан ары бекемдөөгө, «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы-2040» багытындагы иш жүзүндөгү кызматташтыкты илгерилетүүгө өзгөчө маани берилет.
ТМУнун төрагалыгы Азербайжандан Түркияга өтүшү менен Анкара саммити — уюмдун институционалдык өнүгүү жараянында маанилүү бурулуш болот. Саммиттин алкагында жаңы башкы катчыны дайындоо жана уюмдун алдыдагы стратегиялык артыкчылыктарын талкуулоо да күтүлүүдө.
Мамлекет башчылары кызматташтыкты тереңдетүүгө жана ТМУнун институционалдык структурасын андан ары чыңдоого багытталган бир катар чечимдер жана документтер менен бирге Анкара билдирүүсүн кабыл алышат.
Саммиттин алдында ТМУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жана уюмдун тиешелүү органдарынын жыйындары өтөт.
«Биздин биримдигибизди чыңдоону, кызматташтыкты тереңдетүүнү жана түрк дүйнөсүнүн келечеги боюнча жалпы көз карашыбызды алдыга жылдырууну уланта турган бул маанилүү жолугушууда урматтуу мамлекет башчыларын Анкарада тосуп алуу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөм», - деди Кубанычбек Өмүралиев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

