Тарыхы терең Өзгөндүн туулган күнү кут болсун
2026-жылдын 20-октябрында байыркы тарыхы бар Өзгөн шаарында Шаар күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, Өзгөн шаарынын мэри Нурланбек Саипбаев баш болгон облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү кызматкерлери, ардактуу аксакалдар, жигердүү жаштар жана шаар тургундары катышышты.
Салтанаттуу иш-чарада Мирлан Орозбаев сөз сүйлөп, Өзгөн шаары — Ош облусунун гана эмес, бүтүндөй республиканын тарыхый-маданий борборлорунун бири экенин өзгөчө белгилеп өттү. Ошондой эле акыркы жылдары шаарда жүргүзүлүп жаткан көрктөндүрүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу жана социалдык объекттердин курулуштары боюнча аткарылган иштерге токтолуп, Өзгөн элине тынчтык, ынтымак жана өнүгүү каалады.
Салтанат шаардын борбордук аянтында башталып, майрамдык парад жана жергиликтүү өнөрпоздордун даярдаган концерттик программасы менен коштолду.
Шаар жетекчилери куттуктоо сөз сүйлөп, Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктурасынын жакшырышына кошкон салымы үчүн бир катар эмгек сиңирген инсандарга жана жигердүү жаштарга ыраазычылык каттарды, сыйлыктарды тапшырышты.
«Өзгөн — бул жөн гана шаар эмес, бул кылымдарды карыткан тарыхы бар, эли ынтымактуу, маданияты бай өзгөчө аймак. Шаарыбыз жылдан жылга көрктөнүп, жашоого ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканы баарыбызды кубантат», — деп белгиледи район аким Каныбек Апбасов.
«Дилгир Өзгөн» бала бакчасынын ачылышы
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө «Дилгир Өзгөн» аталыштагы 100 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Бул жаңы бала бакча наристелердин сапаттуу билим алуусуна, туура тарбияланышына жана ар тараптуу өнүгүүсүнө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп, ата-энелер үчүн да маанилүү социалдык колдоо болуп калды.
Шаар мэри Нурланбек Саипбаев өз сөзүндө, билим берүү тармагында шаар үчүн маанилүү болгон бир катар капиталдык курулуш долбоорлору ишке ашырылып жаткандыгын баса белгиледи.
Маалыматка ылайык, Курманжан датка атындагы мектептин аймагында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бабур атындагы мектепке жаңы спорт зал, Ленин атындагы мектептин аймагында 100 орундуу бала бакча курулду.
Дем берүүчү грант аркылуу Ленин атындагы мектептин жылытуу системасы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Ай-Шооласы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин чатыры жана пол, эшик терезелери алмаштырылган.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Амур Темур мектебине кичи футбол аянтчасы курулду. Жаңы-Өзгөн жана Төрт көчө кварталдарына балдар ойноочу аянтчалар, Манас көчөсүндө тротуар аллея курулуп жатат.
Шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталып жатат
Өзгөн шаарын туруктуу өнүктүрүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы менен Өзгөн шаардык мэриясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Учурда техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана баштапкы маалыматтарды топтоо жумуштары жүргүзүлүп жатат.
Бул багытта эксперттердин тобу жергиликтүү тургундар, ишкерлер жана жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Өзгөн шаарын мындан ары өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шаардын келечектеги өнүгүү багыттарын аныктоо маселелери тууралуу сөз болду.
Таза суу менен камсыздоо ишке ашууда
«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасы шаар калкын сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, саркынды суу инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүдө.
Европа Биримдиги, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы тарабынан каржыланып жаткан жалпы наркы 10 млн евролук долбоордун алкагында таза суу жана саркынды суу тармактарын жаңылоо иштери улантылып жатат.
Үч дөбө кварталынын бир катар көчөлөрүндө эски суу түтүкчөлөр жаңы суу түтүкчөлөргө алмаштырылды. Бүгүнкү күнгө карата негизги суу өтмө боюнча 41 чакырым таза суу түтүгү толугу менен жаңыланып, 1600 кожолукка 1600 даана суу эсептегич орнотулду.
Шаар аймагына жалпы 67,1 чакырымга таза суу түтүкчөлүрү, 30,0 чакырымга саркынды суу түтүктөрү жаткырылды. «Суу булактарын жакшыртуу» жумуштарынын алкагында 5 даана жаңы скважина насостору орнотулду. «Башкы суу алгыч жайы» участогуна кубаттуулугу саатына 160 м3 болгон 4 даана насос, «Пайзобад» участкасына кубаттуулугу саатына 46 м3 болгон 1 даана насос орнотулду. Ошондой эле, Пайзабад, Ором, Жаңы-Өзгөн участкаларында кубаттуулугу саатына 40 м3 болгон сууну дезинфекциялоочу 6 даана бактерициддик жабдуулар курулду.
Саркынды сууларды тазалоочу станция ишке берилди. Бүгүнкү күндө саркынды суу системасына У.Салиева көчөсүнөн 50 түтүн жана Бахмал участкасынан 25 түтүн, социалдык обьекттерден 4 мектеп, 5 бала бакча жана көп кабаттуу үйлөр туташтырылды.
Элдик майрам жана маданий программа
Шаар күнүнө арналган майрамдык программа эртең менен башталып, күн кечке чейин улантылды. Иш-чаранын алкагында Элди тейлөө борборунун курулушуна капсула салынды. Анын чектеринде Өзгөн шаарынын бюджетине киреше алып келүүчү муниципалдык тейлөө борборун куруу мерчемделип жатат.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарында 970 батирлүү жаны турак-жай комплекси курулууда. Экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана шаарды жашылдандыруу максатында «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында 1100 даана ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу иштери жүргүзүлдү.
Жаштарды дени сак жашоого үндөө, спортко тартуу максатында кичи футбол аянтчасы курулду, “Достук” спорт клубу реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.
Майрамдык иш-чаранын алкагында жаш муундарды спортко шыктандыруу максатында түрдүү спорттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Ордо, күрөш, шахмат жана башка улуттук, заманбап спорттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Майрамдын шаңы менен шаар тургундарына жана меймандарга Өзгөндүн башкы бренддеринин бири болгон девзира күрүчүнөн 1 тонна 200 килограмм аш демделип, сый-урмат менен таратылды.
Борбордук стадиондо кол өнөрчүлөрдүн, дыйкандардын, билим берүү жана маданият мекемелеринин эмгектери коюлган көргөзмө-жарманке өттү. Өзгөндүк чеберлердин колунан чыккан улуттук буюмдар, саймалар жана жыгачтан жасалган эмгектер көпчүлүктүн купулуна толду.
Жамы журтка майрамдык маанай тартуулаган Шаар күнү кечинде белгилүү жылдыздардын катышуусундагы шандуу гала-концерт жана майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталды.
Өзгөндүн турпаты- сулуу, турпагы- алтын
Өзгөн — тарыхы терең, маданияты бай, келечеги кең, куттуу шаар. Ар бир деми тарыхка бай, ар бир күнү өтмүштүн үнүн кастарлап сактаган касиеттүү Өзгөндүн шаар күнү кут болсун!
Өзгөн — кылымдарды карыткан тарыхый мурасы, меймандос эли жана кайталангыс каада-салты менен Ош облусунун гана эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы. Шаардын жылдан-жылга көрктөнүп, социалдык-экономикалык жактан өнүгүп, заманбап инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылып жатканы — ар бир тургундун эмгеги жана ынтымагы.
Байыркы Өзгөн калаанын Шаар күнүндө элдин ынтымагы, улуттук баалуулуктары даңазаланды. Шаар күнүн жогорку деңгээлде уюштурган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Каныбек Сагынбаевичке жана Нурланбек Жаныбековичке терең ыраазычылык. Өзгөн өрөөнүн өнүктүрүүгө белсенген демилгелүү иш-аракеттерине ийгилик!
Өзгөн өрөөнүнүн көркүнө көрк кошулсун, өркүндөп өссүн. Башкысы, элдин жашоо-турмушу жакшырсын, ынтымак менен тынчтыкты түнөтсүн, ар дайым биримдик жана береке болсун.
Берекени лүү Өзгөн шаары өнүгүп-өсүп, ар дайым тынчтыктын, биримдиктин жана өнүгүүнүн куттуу очогу болуп кала берсин.
Өзгөндүн шаар күнү улуттук нарк-насилди даңазалаган жана өрөөндүн өнүгүү жолун көрсөткөн маанилүү майрам катары белгиленди.
Бетти даярдаган: А.Матиева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

