Легендарлуу парламенттин депутаты Рамазан Дырылдаев 79 жашында дүйнө салды
Легендарлуу парламенттин депутаты жана коомдук ишмер Рамазан Дырылдаев 79 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Дырылдаев Анкарада көз жумган.
Дырылдаев Рамазан Өлөкеевич 1947-жылы Чүй облусунда туулган. Ал жогорку юридикалык билимге ээ болгон. Мурда СССР жана КР ички иштер органдарында ар кандай кызматтарды ээлеген.
1992-1995-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1995-жылдан тарта Кыргызстандын Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы болуп, эл аралык укук коргоо уюмдары менен кызматташып келген.
2010-жылы «Азаттык» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышып, ошол эле жылы «Жаңы Багыт» партиясын негиздеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

