Жабырлануучулардын укуктарын коргоо, жоопкерчилик чаралары жана мамлекеттик колдоо механизмдери
Конституциянын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасы - көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет. Мамлекет жана анын органдары бүткүл коомго кызмат кылат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн гана жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгына негизделет.
Мындан тышкары, адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт.
Кыргыз Республикасы өз аймагында турган жана өз юрисдикциясына баш ийген бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин корголушун камсыз кылат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат жана кепилденет.
Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.
Адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, жыныстык кол тийбестигине, эркиндигине, руханий жана адеп-ахлактык жыргалчылыгына, жеке эркиндигине, үй-бүлөлүк мамилелерине, балдардын кызыкчылыктарына, жеке менчигине же башка жарандык жана адам укуктарына кол салуу болгон учурда, кимге карата мындай аракет жасалган болсо, ал адам жабырлануучу деп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин алкагында тийиштүү укуктар жана милдеттер берилет.
Демек, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арыз менен кайрылган учурдан тартып мыйзамга негизделген акыркы чечим кабыл алынганга чейин мамлекет - укук коргоо органдары жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу - жабырлануучулардын укуктарын бекем коргойт.
Автор: Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Роман Курманалиев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

