АКШдан Кыргызстанга баңгизат ташыган транс улуттук каналдын уюштуруучусу экстрадицияланды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы (DEA) жана Интерполдун көмөгү менен Кыргызстанга баңгизат ташуу каналын уюштурууга шектелген кыргызстандык жаранды экстрадициялашты.

ИИМдин басма сөз кызматы 2-ноябрда билдиргендей, кылмышка уюшкан баңгизат тобунун мүчөлөрү да катышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү Х.Т. 2024-жылдын башында АКШда убактылуу жашап жүргөндө Кыргызстанга баңгизат жеткирүү схемасын уюштурган. Ал Америкадан марихуана жана психотроптук заттарды сатып алып, аларды күнүмдүк керектелүүчү товарлардын арасына жашырып, почта аркылуу Кыргызстанга жөнөтүп турган. Посылкалар анын тааныштарынын атына катталган.

Ал эми Бишкек шаарында жана Чүй облусунда шектүүнүн шериктери баңгизаттарды сатып өткөрүү менен алектенишкен.
Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери да уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз