Үй-бүлө – моралдык тарбиянын жана бактылуу келечектин негизи

 
Орус педагогу Н. И. Пирогов айткандай: «Эгер баланы окутпасаң, толук билимсиз кылып өстүрүп алышың мүмкүн; ал эми тарбиялабасаң, алар өздөрү каалагандай өсүп-өнүгүп калышы ыктымал». Бул кыргыз элинин түшүнүгүнө жат көрүнүш. Анткени кыргыз эли илгертеден эле бала тарбиясына өзгөчө маани берип, «Бала – үйдүн көркү, балалуу үй – базар» дегендей, жаш муундун адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна чоң көңүл буруп келген.
 
Эреже катары, морал жөнүндө сөз болгондо адамдар дароо эле этика түшүнүгүн эстешет. Мен аны мындайча түшүндүрөт элем: этика – бул адамдын коомдогу жүрүм-турумун жөнгө салган, анын кандай жашоосу жана кандай мамиле кылышы керек экендигин аныктаган нормалар менен принциптердин системасы. С. И. Ожегов өзүнүн «Орус тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» этиканы адамдын жүрүм-турум эрежелерин жана коомдогу моралдык талаптарды изилдеген түшүнүк катары карайт.
 
Адеп-ахлак адамдын өзүнө, коомго жана мекенине карата алган милдеттенмелеринен турат. Бул – адамдын аң-сезиминде калыптанган, анын жүрүм-турумун, ой жүгүртүүсүн жана иш-аракеттерин жөнгө салган моралдык нормалардын, принциптердин жана баалуулуктардын жыйындысы. Ал адамдын турмуштук тажрыйбасынын негизинде калыптанып, анын ички руханий жана моралдык өзөгүн түзөт.
 
Ошондуктан, менин оюмча, моралдык билим берүү дал ушул негизди түптөөгө багытталышы керек. Адам жакшы менен жаманды, туура менен туура эмести, пайдалуу менен зыяндууну айырмалай билүүгө үйрөнүп, ошол түшүнүктөрдү өзүнүн аң-сезимине сиңиргенде гана чыныгы моралдык тарбия калыптанат. Мындай тарбия баланын жашоодогу жүрүм-турумун жөнгө салган ички мыйзамга айланат. Адеп-ахлактык билим берүүнүн негизги максаты – адамды жетектеген ички руханий сапаттарды өнүктүрүү. Башкача айтканда, ал адамдын башка адамдарга жана коомго карата болгон этикалык нормаларын, принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин калыптандырууга жардам берет. Бул белгилүү бир деңгээлде адамдын моралдык аң-сезиминин пайда болушуна шарт түзөт.
 
Моралдык тарбия бүгүнкү күндө коомдук шарттарга жараша өзүнүн мазмунун өзгөртүп, заманбап балдардын тарбияланышына өз таасирин тийгизип келет. Азыркы балдар маалыматты тез кабыл алган, дүйнө таанымы кең, ачык ойлуу жана жаңы түшүнүктөргө умтулган муун болуп өсүп жатышат. Бирок ошол эле учурда кээ бир учурларда алар ата-энелеринин көңүл буруусунан, сүйүүсүнөн жана мээриминен ажырап калгандай сезимде болушу мүмкүн.
 
Баланын инсандык сапаттары үй-бүлөдөгү ата-эненин ага болгон мамилесине, алардын тарбиялык багыттагы билимине жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга жараша калыптанат. Үй-бүлөнүн материалдык муктаждыктарын камсыз кылууга аракет кылып жатып, ата-энелер кээде баланын эң негизги муктаждыгы болгон көңүл бурууну, сүйүүнү, колдоону жана жылуу сөздөрдү унутуп коюшу мүмкүн.
 
Кээде балага айтылган жөнөкөй гана: «Эгер мен жаңылышсам, кечирчи. Сени аябай жакшы көрөм, сүйөм!», – деген сөздөр анын ички дүйнөсүнө чоң таасир берет. Мындай сөздөр балага өзүнүн маанилүү экенин сездирип, анын эмоционалдык жактан туура өнүгүшүнө жардам берет.  Үй-бүлө салт боюнча тарбия берүүнүн негизги институту болуп келген жана ал азыр да ошол маанисин сактап келет. Баланын алгачкы жылдарында үй-бүлөдө алган тажрыйбасы анын өмүр бою коштоп жүрөт. Үй-бүлөнүн тарбия берүүчү институт катары мааниси, биринчиден, бала өмүрүнүн көп бөлүгүн ошол чөйрөдө өткөргөндүгү менен түшүндүрүлөт.
 
Башка эч бир билим берүү мекемеси үй-бүлөнүн баланын инсандык калыптанышына тийгизген таасир күчүнө тең келе албайт. Дал ушул үй-бүлөдө баланын мүнөзүнүн, дүйнө таанымынын, адеп-ахлактык түшүнүгүнүн жана инсандык сапаттарынын пайдубалы түптөлөт. Ошондуктан бала мектепке, биринчи класска барган учурда эле белгилүү деңгээлде инсан катары калыптанып калган болот.
 
Заманбап үй-бүлө жөнүндө бүгүнкү күндө көп жазылып, көп айтылат. Ош шаарындагы мектептерде жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, мугалимдердин үчтөн бири балдарын туура тарбиялай албагандыгы үчүн үй-бүлөнү жооптуу деп эсептешет. Бирок Ош шаарындагы айрым мектептердин 5-классынын жана 9-классынын окуучуларынын арасында жүргүзүлгөн социалдык-психологиялык сурамжылоонун жыйынтыгында алардын басымдуу бөлүгү балдарды тарбиялоо жана моралдык жактан өнүгүүсүндө негизги ролду мектепке эмес, үй-бүлөгө ыйгаргандыгы байкалды. Тактап айтканда, 5-класстын окуучуларынын 75 пайызы, ал эми 9-класстын окуучуларынын 60 пайызы үй-бүлөнү негизги тарбия берүүчү чөйрө катары белгилешкен. Ошол эле учурда ата-энелер (5-класстын окуучуларынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде) үй-бүлөнүн маанилүү ролун моюнга алышканы менен, негизинен мектеп бул тарбиялык ишти улантып, баланын инсандык өнүгүүсүнө багыт берүүчү негизги мекеме болушу керек деген пикирлерин билдиришкен.
 
Муну төмөнкү себептер менен түшүндүрүүгө болот:
 
Биринчиден, бала өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мектепте эмес, үй-бүлөдө өткөрөт. Ошондуктан анын алгачкы дүйнө таанымы, жүрүм-туруму жана жашоого болгон көз карашы үй-бүлөдө калыптанат. 
 
Экинчиден, бала ата-энесинин жана жакын туугандарынын жүрүм-турумун күн сайын байкайт. Ал аларды сүйөт, аларга ишенет жана көп учурда алардын аракеттерин үлгү катары кабыл алып, туурайт. Натыйжада анын инсандык сапаттары үй-бүлөдөгү мамилелердин негизинде өнүгөт.
 
Үчүнчүдөн, мектеп үй-бүлөлүк тарбиянын улантуучусу болуп саналат. Ал үй-бүлөдө калыптанган түшүнүктөрдү билим берүү процессинин жардамы менен бекемдеп, баланын моралдык өнүгүүсүнө багыт берет.
 
Эгер бала үй-бүлөдөн туура тарбия алып, мектепке моралдык түшүнүктөр менен келсе, анда ал өзүнүн принциптерине каршы келген аракеттерге туруштук бере алат. Ошондуктан балдарды эң биринчи кезекте үй-бүлөдө, эрте жашынан баштап тарбиялоо зарыл. Ошондо алар мектепке белгилүү бир моралдык түшүнүк, жоопкерчилик жана адеп-ахлактык баалуулуктар менен келишет.
 
Балдарды коомдун талаптарына ылайык тарбиялоодо адеп-ахлактык тарбия чоң мааниге ээ. Ар бир адам, кайсы жерде төрөлүп-өскөнүнө карабастан, туура тарбия алууга муктаж. Эң негизгиси — алган тарбиясын өзүнүн инсандык сапаттарына айландырып, аны жашоосунда колдонууга үйрөнүшү керек. Ошентип, окуучулардын дээрлик жүз пайызы үй-бүлө моралдык тарбиянын негизи деп эсептешет. Бул туура көз караш. Анткени сапаттуу тарбия берилген үй-бүлөдө ата-энелер балдарынын жакшы адам болуп өсүшүнө өзгөчө кам көрүшөт. Баланын моралдык мүнөзүнүн калыптанышы жөнүндө ата-энелердин тынчсыздануусу да дал ушундан келип чыгат.
 
Моралдык жактан калыптанган бала өзүнүн абийиринен тайбайт. Мындай адамдар өздөрү ишенген моралдык принциптерге, коомдук эрежелерге жана адамдык баалуулуктарга ылайык жашоого аракет кылышат. Адеп-ахлактык бүтүндүк деген – берген сөздү сактоо, достукка берилген болуу, сүйүүдө жана мамиледе таза, чынчыл болуу дегенди билдирет. Бул сапаттар адамда өмүр бою калыптанып, өнүгүп турат. Бирок негизги адеп-ахлактык сапаттар психологиялык жактан алганда балалык, өспүрүм жана жаштык куракта түптөлөт.
 
Баланын алгачкы жылдары негизинен үй-бүлөнүн таасири менен өткөндүктөралар ата-энесинин үлгүсүнө өтө сезимтал болушат. Ата-энелеринин туура жана туура эмес, жакшы менен жаманды түшүнүүсүн кабыл алып, ошол аркылуу моралдык жүрүм-турумдарды үйрөнүшөт. Үй-бүлөдө көргөн мамилелер жана жасалган аракеттер кийинчерээк баланын тарбиясынын негизги булагына айланат.
 
Үй-бүлөдө туура жашоо жөнүндө жөн гана айтып коюу жетишсиз. Балдарга жакшы жүрүм-турум адаттарын калыптандырууга практикалык мисалдар аркылуу жардам берүү керек. Ата-энелердин сөздөрү, жакшылык менен жамандык тууралуу айтып берген окуялары, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосу жөнүндө берген алгачкы маалыматтары – мунун баары баланын моралдык түшүнүктөрүнүн баштапкы негиздерин түзөт. Эгер ата-эненин сөздөрү тынч, мээримдүү жана түшүнүктүү үн менен айтылса, ал баланын аң-сезимине терең сиңет. Ал эми кемсинткен, орой мамиле баланын ички дүйнөсүнө терс таасирин тийгизип, кичинекей балдарда да, өспүрүмдөрдө да каршылык, ишенимсиздик жана башка жагымсыз инсандык сапаттардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
 
Моралдык тарбиянын кайсы жерде ролу чоң экендигин аныктап көрөлү. Менин оюмча, моралдык нормаларга көбүрөөк көңүл үй-бүлөдө бурулат. Балалык кезден баштап үй-бүлө балдарга улууларды жана айланадагыларды урматтоону, жакындарына зыян келтирбөөнү, сабырдуу жана чыдамкай болууну үйрөтөт. Мектепте башталгыч класстарда мугалимдер ата-энелер тарабынан балдарга сиңирилген жакшы сапаттарды өнүктүрүп, бекемдеп беришет. Ал эми жогорку класстарда моралдык тарбия көбүнчө адабият, тарых жана коом таануу сыяктуу коомдук багыттагы сабактар аркылуу жүргүзүлөт. Менин оюмча, бул үй-бүлөдө берилген тарбиянын уландысы болуп саналат.
 
Бирок бардык үй-бүлөлөр бирдей эмес. Айрым үй-бүлөлөрдө моралдык баалуулуктарга жетиштүү көңүл бурулбай калышы мүмкүн. Ошондуктан кээ бир балдар үчүн мектептеги тарбия өзгөчө мааниге ээ болот. Натыйжада, мектеп да, үй-бүлө да адамдын жашоосунда маанилүү ролду ойнойт. Алар бири-бирин толуктап, баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзөт.
 
Ата-энелердин бири менен суроо-жооп иретинде маектешкенибизде төмөнкүдөй жооп алдык:
 
«Менин оюмча, адам чыныгы моралдык тарбияны үйдөн, мектептен жана коомдук чөйрөдөн алат. Бирок тарбиянын негиздери биринчи кезекте үй-бүлөдө түптөлөт. Анткени адамдын көз карашы, жашоодогу позициясы, жеке сапаттары, сезимдери жана баалуулуктары үй-бүлөдөгү мамилелер аркылуу калыптанат. Эгер үй-бүлө ынтымактуу жана биримдиктүү болсо, бул адамдын моралдык сапаттарына абдан оң таасирин тийгизет. Мындай адамдар айланасындагыларды урматтап, жүрөктөн чыккан мээримдүү иштерди жасоого умтулушат».
 
Мектепте балдар ар кандай адамдар менен аралашып, алардын мүнөзүнө, жаш өзгөчөлүгүнө же социалдык абалына карабастан, баары менен тил табышууну үйрөнүшөт. Азыркы учурда мектеп мурдагыдай гана таасир берүүчү жай болбосо да, ал баланы коомдо өзүн туура алып жүрүүгө, ар кандай кырдаалда башкаларга сабырдуу мамиле кылууга үйрөтүүдө маанилүү орунду ээлейт. Балдар менен иштөөдө табигый көрүнүштөрдү жана адамдардын аракеттерин бирге талкуулоо, алар жөнүндө ой жүгүртүү жана баалоого үйрөтүү — эң натыйжалуу тарбиялык ыкмалардын бири болуп саналат. Башкача айтканда, ата-эне баланы даяр жоопко үйрөтпөстөн, өз алдынча туура жыйынтык чыгарууга багытташы керек. Ата-энелер балдарга жакшылык менен жамандыкка болгон өз мамилесин түшүнүүгө, аны аңдап билүүгө жардам берет. Күндөлүк жашоодо кездешкен жөнөкөй окуялар мындай тажрыйбаны калыптандыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
 
Мисалы, даракка чыгып, канаттуулардын уясын талкалаган балдарды элестетели. Эгер куштардын балапандары өлүп, алардын энеси дарактын айланасында айланып, кыйналып жүргөнүн балага түшүндүрүп көрсөтсө, анда анын жаныбарларга болгон боорукерлик жана жоопкерчилик сезими ойгонот. Бала мындай аракеттин туура эмес экенин түшүнүп, жаныбарларга зыян келтирбөө керектигин кабыл алат. Ошондой эле дарактын кабыгы сыйрылып, бутагы сынып, ал жерден ширеси агып жатканын балага түшүндүрүү аркылуу жаратылышка болгон камкор мамилени калыптандырууга болот. Баланын түшүнүгүндө дарак «ооруп», «ыйлап» жаткандай кабыл алынат. Ал дарак куурап, өлүп калышы мүмкүн экенин түшүнөт. Эгер ата-эне ошол жараланган даракты сактап калуу үчүн жараатын жаап, боёп, кам көрүп жатканын көрсөтсө, бала алсыздарга жана жардамга муктаж болгондорго жардам берүүнүн биринчи сабагын алат. Мындай тажрыйба аркылуу бала келечекте дарактын бутактарын сындырбоону, куштардын уяларын бузбоону үйрөнөт.
 
Бул сезимдер бара-бара башка адамдарга болгон мамилеге да өтөт. Мисалы, эгер эне көчөдө жардам сураган кары адамдан четтеп өтпөй, ага колдон келишинче жардам берсе, бала мээримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун үлгүсүн көрөт. Кийин ал өзү да муктаж адамдарга жардам берүүгө даяр, боорукер инсан болуп чоңоёт. Ал эми ата-эне мындай үлгү көрсөтө албаса, балада мээримдүүлүк, боорукерлик жана кайрымдуулук сезимдеринин өнүгүшү кыйын болушу мүмкүн.
 
Изилдөөгө катышкан балдар менен сүйлөшкөндө, алар ата-энелер ар дайым өзүн «баарын туура жасаган жогорку сот» катары көрсөтпөстөн, балага жакын болуп, жөнөкөйлүгүн, кичи пейилдигин жана боорукерлигин көрсөтүшү керек экендигин белгилешти. Ата-энелер өздөрүнүн балалык чагы, кетирген каталары, алардын кесепеттери жана бүгүнкү күнгө чейин уялып жүргөн учурлары жөнүндө балдары менен бөлүшө алышы керек. Бул баланын ата-энесине ишенимин арттырып, анын өзүнүн туура эмес иштерин жашырбай айтып берүүсүнө жана келечекте ошол каталарды кайталабоосуна жардам берет.
 
Башталгыч мектеп курагындагы балдар ата-энелери менен көбүрөөк баарлашууга, көп суроо берүүгө жана алардын кеңешин алууга абдан кызыкдар болушат. Бул мезгилде баланы алыстатпоо, анын суроолоруна көңүл бурбай коюу же ата-эненин дайыма бош экендигин шылтоо кылуу туура эмес.
 
Анткени баланын берген суроолору анын дүйнөнү таанып-билүүгө болгон аракетин билдирет. Эгер ата-эне бир нече жолу баласы менен сүйлөшүүгө убакыт таппай, анын кызыгуусун четке какса, бала акырындап өзүнүн көйгөйлөрү жана ойлору менен бөлүшүүнү токтотот. Мындай учурда бала кеңеш сурап, ар кандай темада сүйлөшө ала турган башка адамдарды издей баштайт. Кээ бир учурларда ал туура эмес адамдардын таасирине түшүп, туура эмес кеңештерди алып калышы мүмкүн. Натыйжада ата-эне баланын моралдык өнүгүүсүнө таасир берүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп алышы ыктымал. Бул тууралуу орус педагогу А. В. Ломакин да белгилеп, ата-эненин бала менен болгон үзгүлтүксүз байланышы анын инсандык калыптанышында маанилүү орунда турарын айткан.
 
Адеп-ахлактык маданият жана моралдык баалуулуктар төрт негизги булактан калыптанат: аң-сезим, уят, жоопкерчилик жана милдет сезими. Аң-сезим адамдын алган билимин, коомго, башка адамдарга жана өзүнө карата болгон милдетин түшүнүүсүн бириктирет. Адам өзүнүн аң-сезимин жоготсо, айлана-чөйрөгө кайдыгер мамиле кылып калышы мүмкүн. Аң-сезим — адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн ички күч. Ал адамдын жан дүйнөсүндө жашап, анын аракеттерин, чечимдерин жана жасаган иштерин баалоого жардам берет. Бул акыл менен жүрөктүн биргелешкен назик иши болуп саналат. Адам өзүнүн жүрүм-турумун талдап, туура же туура эмес экендигин баалоо аркылуу моралдык жактан өнүгөт.
 
Башкача айтканда, аң-сезим адамдын ичинде жашаган, анын ар бир аракетин байкап, баалап турган ички көзөмөлчү сыяктуу кызмат аткарат. Бул түшүнүктөрдү балдардын сезиминде бекемдөө үчүн мектептин түрүнө карабастан, азыркы коомдогу моралдык тарбияга тоскоол болгон айрым жагдайларга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Аларга ата-эненин ажырашуусу, конфликттүү үй-бүлөлөр, жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана атайын камкордукка муктаж мекемелерде жашаган балдар кирет. Мындай шартта жашаган балдарды туура тарбиялап, коомго толук кандуу инсан катары кошуу үчүн мектеп менен ата-энелердин, ошондой эле коомдук уюмдардын биргелешкен иши маанилүү. Алар менен ар кандай тарбиялык иш-чараларды өткөрүп, өз ара пикир алышып, турмуштук тажрыйбалар менен бөлүшүү зарыл.
 
Мындай иш-чараларга ата-энелер катышкан концерттер, спорттук мелдештер, сахналаштырылган театралдык көрсөтүүлөр жана чыгармачылык жолугушуулар кирет. Муундарды бириктирген мындай жандуу байланыш балдарга өз элинин тарыхына жаңы көз караш менен кароого, өзүнүн жарандык позициясын калыптандырууга жардам берет. Мындай иш-чараларды уюштуруп өткөрүү абдан маанилүү. Анткени социалдык жактан ар кандай шартта жашаган балдарды да коомдон бөлбөй, алардын толук кандуу инсан болуп өсүшүнө шарт түзүүбүз керек. Биз алардын баары менен бир бүтүн коомбуз.
 
«Менин үй-бүлөмдүн дарагы» аттуу иш-чара үй-бүлөгө болгон тиешелүүлүк сезимин өнүктүрүүгө чоң жардам берет. Бул иш-чараны мектепте өткөрүү аркылуу үй-бүлө менен мектептин ортосундагы байланышты бекемдөө максаты көздөлөт.
 
Анткени биргелешкен аракеттер аркылуу гана балдардын билим алуусунда гана эмес, алардын тарбиясында да олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө болот. Бул өтө маанилүү.
 
9-«В» классынын интернатта жашаган окуучусу Ж. С. өзүнүн жазган эмгегинде мындай ой билдирген:
 
«Бардык ата-энелер балдарын тарбиялоодо өз жоопкерчиликтерин толук аткара бербейт. Анын себептери ар кандай болушу мүмкүн: ашыкча жумуш жүгү, социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр жана башка жагдайлар. Бирок натыйжада эң көп жабыркагандар — балдар.
 
Ойлонуп көрүңүз: канча бала интернаттарда же балдар үйлөрүндө жашайт! Мамлекет бала өзүн жалгыз сезбеши үчүн жана анын материалдык муктаждыктары камсыз болушу үчүн бардык аракетин көрөт. Бирок эч нерсе үй-бүлөнү, эненин жылуу кучагын жана эненин мээримин алмаштыра албайт.
 
Жөн гана «Апа» деген сөздү айтуу ар бир бала үчүн канчалык маанилүү экенин элестетип көрүңүз!»
 
Бул ойлор үй-бүлөнүн бала үчүн канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу далилдейт.
 
Бүгүнкү күндө баланын ар тараптуу өнүгүүсү үй-бүлөнүн, мектептин жана коомдун биргелешкен аракетинен көз каранды. Үй-бүлө баланын алгачкы тарбия очогу болсо, мектеп анын билим алып, социалдашуусуна шарт түзөт. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаштар саясатын ишке ашырып, үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган социалдык долбоорлорду уюштуруу аркылуу бул процессти колдойт.
 
Ош шаардык мэриясынын бул багыттагы ишмердүүлүгү өзгөчө мааниге ээ. Билим берүү мекемелери, социалдык өнүктүрүү кызматтары, укук коргоо органдары, саламаттык сактоо мекемелери жана жарандык коом уюмдары менен биргеликте үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого багытталган ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. 
 
Ошондой эле социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу, толук эмес жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлүп, балдардын укуктарын коргоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Жаштар арасында укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зомбулуктун, мектеп рэкетинин, баңгизаттын жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маалыматтык жолугушуулар, лекциялар жана профилактикалык иш-чаралар уюштурулуп келет.
 
Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган балдардын катарына интернаттарда тарбияланып жаткан, ата-энесинин камкордугунан ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Алардын коомго толук кандуу аралашуусуна шарт түзүү мамлекеттин, жергиликтүү бийликтин, мектептин жана жалпы коомчулуктун маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Ар бир бала сүйүүгө, камкордукка жана татыктуу келечекке укуктуу.
 
Жыйынтыктап айтканда, үй-бүлө – баланын жашоосундагы биринчи тарбия мектеби жана моралдык баалуулуктардын негизги булагы болуп саналат. Дал ушул үй-бүлөдө адамдын абийири, жоопкерчилиги, эмгекчилдиги, боорукерлиги, адилеттүүлүгү жана мекенчилдиги калыптанат.
 
Мектеп бул процессти улантып, баланын билим деңгээлин гана эмес, анын руханий дүйнөсүн да байытууга көмөк көрсөтөт. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер жана жарандык коом үй-бүлөнү колдоо аркылуу балдардын толук кандуу өнүгүшүнө шарт түзүшөт.
 
Балдарды тарбиялоонун негизги максаты – билимдүү гана эмес, жогорку адеп-ахлакка ээ, жоопкерчиликтүү, мекенин сүйгөн, эмгекчил жана адамгерчиликтүү жаранды тарбиялоо. Бул максатка жетүү үчүн үй-бүлө, мектеп жана коом бир багытта аракеттениши зарыл.
 
Анткени бүгүнкү бала – эртеңки мамлекеттин келечеги. Анын кандай инсан болуп калыптанышы ар бир ата-эненин, мугалимдин жана жалпы коомдун жоопкерчилиги болуп саналат.
 
Н.А.Закиров
Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз