1-декабрдан тартып ИИМ кызматкерлеринин маянасы жогорулайт

Бүгүн, 1-ноябрда Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин өздүк курамын кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматында өттү.

Мамлекет башчы сөз сүйлөп жатып, 1-декабрдан тарта ИИМ кызматкерлери жогорулатылган айлык акы, ал эми ардагерлер көбөйтүлгөн пенсия ала баштаарын билдирди.

“Соңку алты жылдан бери мамлекет ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарын жаңылоого, өздүк курамдын социалдык шарттарын жакшыртууга жана заманбап санариптик технологияларды ишке киргизүүгө көңүл буруп келе жатат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында алардын айлык маянасын жана ардагерлердин пенсиясын жогорулаттык”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоосу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл экенине көңүл бурду.

“Албетте, милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип. Демек, сиздер рухий жактан да, билим жактан да күчтүү болушуңар керек. Бирок, күчтүн жанында калыстык, чечкиндүүлүктүн жанында сабырдуулук, мыйзамдуулуктун жанында адилеттүүлүк ар дайым коштоп жүрүүсү шарт”, - жеди президент.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров коомдук коопсуздукту жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн, экономика, билим берүү жана инфраструктура тармактарындагы стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун, ошондой эле жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуунун негизги шарттарынын бири экенин айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз