Казак премьер-министри 14 аскердин каза болушунун себептерин ачыктады

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Каспий деңизинде казакстандык аскер кызматкерлери каза болгон трагедиялуу окуядан кийин демилгеленген өкмөттүк текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу «Tengrinews.kz»  кабарлады.

Анын айтымында, Казакстандын Коргоо министрлигинде аскердик машыгууларды көзөмөлдөөнү уюштурууда, тобокелдиктерди баалоодо жана ыкчам чара көрүүгө даярдыкта бир катар кемчиликтер аныкталган.

«Машыгууга даярдык көрүүдө коркунучтуу факторлорго жетиштүү көңүл бурулган эмес. Ошондой эле коопсуздук талаптарынын сакталышына жана машыгуулардын кооптуу баскычтарын токтотуу боюнча өз убагында чечим кабыл алууга тийиштүү көзөмөл жүргүзүлгөн эмес», - деп белгиледи өкмөт башчысы.

Муну менен катар ал Казакстандын Куралдуу күчтөрүндө маневрларга абадан байкоо жүргүзүү үчүн дрондор колдонула баштаганын билдирди. Айрым бөлүмдөрдө аскер кызматкерлеринин жайгашкан жерин аныктоого жана физиологиялык абалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген жеке түзүлүштөр колдонулууда. Мындан тышкары, күч түзүмдөрү Казгидромет менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюп, аба ырайынын күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз алып турушат.

Комплекстүү текшерүү үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Маңгистау облусундагы аскердик машыгуу учурунда 14 аскер кызматкери каза болгондон кийин башталган. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, аба ырайынын кескин начарлап, катуу шамал болушунан улам тапшырма аткарып жаткан аскер кызматкерлеринин тобу деңизге агып кеткен.

Окуядан кийин Коргоо министрлигинин жетекчилиги алмашып, кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы башкы кол башчысы, анын мурдагы орун басары — штабдын мурдагы башчысы, ошондой эле бир катар жооптуу кызмат адамдары камакка алынган.

Трагедиядан кийин бийлик өкүлдөрү куралдуу күчтөрдү реформалоо пландары тууралуу да билдиришти. Реформа мөөнөттүү аскердик кызматтын эки этаптуу моделине өтүүнү камтыйт. Мындан тышкары, Коргоо министрлиги согуштук аракеттерди моделдештирүүгө мүмкүндүк берген симуляторлорду киргизүүнү пландоодо. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул аскер кызматкерлерин даярдоонун сапатын жогорулатууга жана машыгууларды өткөрүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууга шарт түзөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз