Берлинде Бавариянын вице-премьер-министри каза болду

Берлинде Бавариянын экономика министри жана вице-премьери Хуберт Айвангер каза болду. Анын сөөгү 4-ноябрь күнү кечинде мейманкананын номурунан табылды. Бул тууралуу Германиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдирет.

Саясатчы 55 жашта болчу.

Айвангер өзүнүн «Эркин шайлоочулар» партиясынын Берлиндеги кеңсесинин ачылышында сөз сүйлөмөк, бирок ден соолугуна байланыштуу катышуудан баш тарткан. Андан кийин ал байланышка чыкпай калган. Кийинчерээк ал Берлин-Митте районундагы Фридрихштрассе көчөсүндө жайгашкан «Neuer Fritz» мейманканасынан жашоо белгилери жок абалда табылган.

Берлиндин полициясы жана прокуратурасы өлүмдүн себебин жана жагдайларын аныктоо, ошондой эле үчүнчү жактардын катышуу ыктымалдыгын жокко чыгаруу үчүн иликтөө иштерин баштады. «Tagesspiegel» агенттигинин маалыматына ылайык, алгач зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес. Өлүмдүн расмий себеби азырынча аныктала элек.

Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер саясатчынын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

«Хуберт Айвангердин капыстан каза болушу — чыныгы трагедия. Биз баарыбыз терең шок болдук. Азыр биздин оюбуз биринчи кезекте анын үй-бүлөсү жана балдарында», - деп жазды ал социалдык тармакта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз