"Барс" клубу катары менен экинчи жолу чемпион болду
Караколдук «Барс» катары менен экинчи жолу футбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын алтын медалын жеңип алды.
4-ноябрда Караколдо Жогорку лиганын 29-турунун оюну өттү, анда жергиликтүү клуб Манастын «Мурас Юнайтед» клубун кабыл алды.
Талаа ээлерине сезон бүтөрүнө бир тур калганда чемпиондук титулду камсыз кылуу үчүн жеңилбей коюу жетиштүү эле.
Оюн караколдук команданын пайдасына 2:0 эсебинде аяктады. 72-мүнөттө Недим Мекич гол киргизди, ал эми 90+6-мүнөттө Анхель Санчез айырмаланды.
Бул «Барска» 2026-жылдагы сезондун жыйынтыгы боюнча 1-орунду камсыз кылууга жана 2025-жылы жеңип алган чемпиондук титулун коргоп калууга мүмкүндүк берди.
Чемпиондук титул «Барска» кийинки сезондо АФКнын Чакырык лигасынын тайпалык баскычында Кыргызстандын атынан чыгууга мүмкүндүк берет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

