BYD компаниясы электромобилдер үчүн революциялык тез кубаттоо технологиясын сунуштады
Кытайдын электромобиль өндүрүүчү компаниясы - BYD 17-мартта жаңы технологиясын тааныштырып, ал электромобилдерди бензин унаалары сыяктуу тез кубаттоого мүмкүнчүлүк берет. «Super E-Platform» деп аталган бул система 1000 киловаттка (кВт) чейин кубаттоо күчүн камсыз кылып, унаага 5 мүнөттө 400 чакырым жол жүрүүгө жетиштүү энергия берет.
BYD'дин маалыматына ылайык, жаңы 1000 вольттук архитектура жана 1000 амперлик заряддык ток ар 2 секунд сайын 2 км жүрүү мүмкүнчүлүгүн кошуп турат. Бул көрсөткүч Tesla Supercharger'дин эң жаңы станцияларынан эки эсе жогору, анткени Tesla'нын эң күчтүү кубаттагычы 500 кВт менен чектелет. Мисалы, Tesla Supercharger станцияларында 320 км жол жүрүүгө жетиштүү энергия алуу үчүн 15 мүнөттөй убакыт талап кылынат.
Жаңы технологиянын негизги өзгөчөлүктөрү:
Өзгөчө тез кубаттоого ылайыкташтырылган жаңы аккумуляторлор;
30 000 айланууга (об/мин) чейин иштеген электр кыймылдаткычтар (бул сериялык өндүрүштөгү унаалар үчүн рекорддук көрсөткүч);
Жаңы заряддоо технологиясы алгач Han L седаны менен Tang L жол тандабасы (SUV) үчүн жеткиликтүү болот. Бул моделдердин баштапкы баасы 270 000 юань же болжол менен 37 330 долларды түзөт. Учурда алдын ала буйрутмалар кабыл алынып, ал эми биринчи жеткирүүлөр кийинки айда башталары күтүлүүдө.
BYD’дин стратегиясы жана базардагы орду
BYD жаңы технологиясын колдоо максатында Кытайда 4000ден ашык өтө тез кубаттоочу станция курууну пландаштырууда. Бул өтө маанилүү кадам, анткени учурда көпчүлүк BYD унааларынын ээлери башка өндүрүүчүлөрдүн кубаттоо станцияларына көз каранды.
Жаңылыктын фонунда 18-мартта Гонконг фондулук биржасында BYD компаниясынын акциялары 6% жогорулап, тарыхый жогорку чекке жетти. 2024-жылы BYD 4,27 млн унаа саткан, бул өткөн жылга салыштырмалуу 41,3% көп.
BYD vs Tesla: Каржылык көрсөткүчтөр
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, BYD 2023-жылы Teslaдан көбүрөөк киреше тапкан. Тактап айтканда:
BYD: $107 млрд киреше
Tesla: $97,7 млрд киреше
BYD’дин жалпы кирешеси 29% көбөйгөн
BYD’дин таза кирешеси 34% өсүп, $5,55 млрд түзгөн
Tesla - таза кирешеси: $7,6 млрд
2023-жылдын 4-чейрегинде BYD'дин таза кирешеси 73% өсүп, $2 млрд түзсө, четинен кирешеси $37,9 млрд болгон. Унаа сатуу боюнча BYD "таза" электромобилдер боюнча Teslaдан бир аз артта калды:
Tesla – 1,79 млн авто
BYD – 1,76 млн авто
Бирок гибриддик унааларды кошкондо, BYD жалпы 4,27 млн унаа сатты, бул Teslaдан бир топ жогору.
BYDдин 2025-жылдагы стратегиясы
BYD быйыл 5,5 млн унаа сатууну пландаштырууда, анын ичинен 800 000 даанасы Кытайдан тышкаркы рынокко жөнөтүлөт. 2025-жылдын алгачкы эки айында эле BYD 623 000 унаа сатып, өткөн жылга салыштырмалуу 93% өсүшкө жетишти. Компания эл аралык рынокко экспансия жасап, айдоочуга жардам берүүчү интеллектуалдык системаларды бардык моделдерде кошумча акысыз сунуштоону пландаштырууда.
BYDнын төрагасы Ван Чуаньфу (Wang Chuanfu) Кытай автоөндүрүшү дүйнөлүк деңгээлде лидерликке чыкканын белгилеп, Кытай өндүрүүчүлөрү дүйнөлүк рынокко биргелешип чыгууга жана өнөр жайдагы технологиялык баалуулукту жогорулатууга даяр экенин айтты.
BYDнин жаңы тез кубаттоо технологиясы электромобил индустриясында чоң өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн. Заряддоо убактысынын аздыгы – электромобилдерге өтүүдө эң чоң тоскоолдуктардын бири болгондуктан, бул чечим рынокту түп-тамырынан өзгөртө алат. Эгер бул технология ийгиликтүү ишке ашса, BYD дүйнөлүк рынокто Teslaга караганда дагы бекемирээк позицияга ээ болушу мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.