Дайынсыз жоголгон Азим Жыргалбековдун сөөгү Ысык-Ата дарыясынан табылды

9-ноябрда Ысык-Ата дарыясынан дайынсыз жоголгон 2007-жылы туулган Азим Жыргалбековдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Баракелде" басылмасы. 

31-октябрда милицияга Жыргалбековдун энеси кайрылып, 28-октябрда уулу Бишкектеги Турусбеков көчөсүндөгү батирден чыгып кеткен бойдон кайтып барбаганын билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголгон жаран акыркы жолу Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында достору менен жолукканы аныкталган.

9-ноябрда издөө иштеринин жүрүшүндө ӨКМ жана милиция кызматкерлери Азим Жыргалбековдун сөөгүн Ысык-Ата дарыясынан — Дмитриевка жана Буденовка айылдарынын ортосундагы көпүрөдөн алыс эмес жерден табышкан.

Милиция текшерүү жүргүзүп, окуянын чоо-жайын тактоодо.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз