"Ала-Арчада" тоңуп каза болгон баланы издөө үчүн тик учак эмне үчүн кеч көтөрүлгөн? ӨКМдин түшүндүрмөсү
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов Ала-Арча тоолорунан 14 жаштагы Амир Кунакуновду издөөгө тик учак эмне үчүн 9-ноябрда гана тартылганын түшүндүрдү. Өспүрүм жүргөн жери тууралуу 7-ноябрда кечинде кабарлаган эле.
Асановдун айтымында, ӨКМде издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүүнүн белгилүү бир алгоритми бар, ага ылайык тоолордо издөө иштерин баштапкы баскычта куткаруучулар жана альпинисттер жүргүзөт.
«Биздин өзүбүздүн иш-аракет алгоритмибиз бар. 8-ноябрга караган түнү биздин кызматкерлер тоодо болуп, издөө иштерин жүргүзүштү. Алар бул аймакты жакшы билишет, анткени буга чейин ал жерде куткаруу операцияларын бир нече жолу өткөрүшкөн», - деп түшүндүрдү министрдин орун басары.
Ал билдиргендей, куткаруучулар жыл башынан бери тоолуу аймактардан, анын ичинде Адыгене жана Электро чокуларынан, Рацек чатырынын аймактарынан жана башка татаал тилкелерден 297 адамды эвакуациялашкан.
Асановдун айтымында, авиацияны тартуу чечими окуянын мүнөзүн, жердеги топтордун мүмкүнчүлүктөрүн жана аба ырайынын шарттарын эске алуу менен кабыл алынат.
«Тоолордо издөө учурунда алгач жердеги топтор иштейт. Эгерде адамга жетүү кыйын экени же ал барууга татаал жерде турганы белгилүү болсо, анда издөө иштерин жүргүзүү үчүн тик учак көтөрүлөт», - деп түшүндүрдү ал.
Министрдин орун басары Амирдин окуясында тик учак 9-ноябрда тартылганын тастыктады. Ошол эле учурда, анын айтымында, катуу шамалдан улам экипаж кыйынчылыктарга туш болгон.
Ошондой эле Асанов издөө иштери тоо рельефинин өзгөчөлүктөрү жана кардын жоктугу менен татаалдашканын айтты: аппак кардын үстүндө ачык түстөгү кийимчен адамды байкоо оңой болсо, таштак жерде аны табуу бир топ кыйыныраак.
Асановдун айтымында, дрон колдонууда да ушундай эле кыйынчылыктар жаралат, анткени татаал рельефте адамдын караанын таануу дайыма эле мүмкүн боло бербейт.
Мисал катары ал Ленин чокусунун аймагындагы издөө операцияларын келтирди, анда да куткаруучулар авиацияны колдонуу үчүн аба ырайынын жакшырышын күтүүгө аргасыз болушкан.
Асанов учурда министрликте издөө операциясынын жагдайлары боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, адистер операциянын бардык баскычтарын жана издөөгө катышкан кызматкерлердин аракеттерин изилдеп жатканын билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдар учурунда тик учак менен учуулар ведомствонун бюджетинин эсебинен ишке ашырылат.
«Эгерде өзгөчө кырдаал жаралып, издөө же эвакуациялоо үчүн тик учак керек болсо, жарандар бул үчүн акы төлөшпөйт», - деди ал.
7-ноябрда саат 19:02де Амир Кунакунов 112 номуруна чалып, Адыгене чокусунан түшүп келе жатып адашып кеткенин билдирген.
ӨКМдин маалыматы боюнча, анын жүргөн жери Электро чокусунун аймагы экени аныкталган. Бирок маалымат нөөмөттөгү издөө тобуна саат 22:00 чамасында гана жеткен. Ведомство муну тоодо уюлдук байланыштын жоктугу менен түшүндүрдү.
Издөө иштери 8 жана 9-ноябрда улантылган. Өспүрүмдүн сөөгү 9-ноябрда саат 16:00 чамасында Электро чокусунун аймагындагы таштак жерден табылган.
Өлүмдүн алдын ала себеби катары катуу үшүп калуу аталууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

