Дайынсыз жоголгон Сергей Щербаковдун болжолду багыты аныкталганы белгилүү болду
1-ноябрда Бишкектен унаа менен чыгып, дайынсыз жоголгон 1995-жылы туулган Щербаков Сергей Юрьевичти издөө иштери уланууда. Бул тууралуу 10-ноябрда Ленин райондук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери «Коопсуз шаардын» видеокөзөмөлүнүн жана май куюучу жайларга орнотулган камералардын жардамы менен анын болжолдуу багытын аныктай алышты.
1-ноябрда саат 05:00 чамасында Щербаков Бишкектен «Сузуки Жимпи» унаасы менен чыккан. Тоннелден өтүп, Жалал-Абад облусунун Казарман айылы тарапка бет алган. Акыркы жолу анын унаасы Нарын облусунун Миң-Куш айылынын бурулушуна жакын жайгашкан май куюучу жайдагы видеокамерага түшүп калган.
Милицияга арыз менен кайрылган жоголгон жарандын досунун айтымында, Щербаков жолго чыгар алдында тоо көрүү үчүн Ош облусуна баруу ниети бар экенин айткан. Арыз ээси ошондой эле досу унаа менен саякаттоого, өзгөчө барууга кыйын жерлерге сапар тартууга кызыгарын билдирген.
Учурда издөө иштери уланууда. Милиция Щербаковду көргөн же анын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат:
0 (312) 352-947;
0 (312) 352-671;
0 (224) 214-346.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

