Путин менен Садыр Жапаров сүйлөшүү жүргүздү

Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туурасында Президенттин администрациясынан маалымдашты.

Жапаров кыргыз делегациясын салттуу жылуу кабыл алгандыгы жана кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, жетишилген натыйжаларга көп жагынан лидерлердин ортосунда калыптанган ишенимдүү мамилелер жана конструктивдүү диалог өбөлгө болгонун айтты.

Владимир Путин өз кезегинде кыргыз-орус кызматташтыгынын потенциалын белгилеп, эки тараптуу күн тартибинин негизги багыттары боюнча өз ара аракетти мындан ары кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, энергетика, өнөр жай жана каржы секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого көңүл буруу менен, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар эки жактуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мамлекет башчысы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорго кошумча дем берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз