Ош шаары ар тараптан өнүккөнү менен, тазалыгы өкүндүрөт
Ош шаары. Иллюстративдик сүрөт.
"Ош жаңырыгы" гезити дилгир, журналист болууга кызыккан студенттерге медиа аянтча берип келет. Бул жолу Ош мамлекеттик университетинде журналисттик адистиги боюнча окуп жаткан студенттердин кыскача материалына орун берели деп чечтик. Төмөндө студенттердин материалы өзгөртүүсүз берилди.
Кеч күз. Таңга жуук… Аба ырайы суук… Бул убакта али шаар эли таттуу уйкудан ойгоно элек убагы. Чоң шаардын ичинде ары-бери зуулдап өткөн унаалардын жана көчө шыпырган “Ош-Тазалык” муниципалдык кызматкерлерине көзүң түшөт. Бул мезгил алардын жумуш күнүнүн башталган убагынын белгиси.
Шаарыбыздын тазалыгын колуна алган кызматкерлер таң атпай айлананы тазалаганы менен кайра түшкө жетпей көчөлөрдө желим бөтөлкөлөргө, кагаз жана ар кандай таштандыларга толо түшөт. Экинчи борбор аталган шаарыбыз ар тараптан өнүгүп жатса да, бирок көчөлөрдүн тазалыгы башкы маселе боюнча калып келе жатат. Көчөлөр эрте менен таза,түштө кайра таштанды.
Ленин жана Саймалуу-Таш көчөлөрүнүн кесилишинде шыпыргысын кармап, жол четиндеги калдыктарды жыйнап жүргөн апалардын бирин кепке тарттык.
«Күнүгө эрте менен саат беште жумушка чыгабыз. Шаар тургундары ойгонгуча борбордук көчөлөрдү, аялдамаларды таптаза кылып шыпырып чыгабыз. Бирок саат он-он бирлерде карасаң, арыктарга бөтөлкөлөрдү ыргытып, таштанды челектин айланасына баштыктарды таштап кетишет. Эмгегибиз бааланбаганына кээде абдан капа болосуң. Тазалык —тазалоодо эмес, булгабаганда гана таза болот да», — дейт өзүн «Ош-Тазалык» ишканасынын жумушчусумун деп тааныштырган Жумагүл эже.
Ишкананын маалыматты менен тазалык кызматкаткерлеринин сөзүнө таянсак, күн сайынын Ош шаарынын ондогон тонна таштанды чыгарылат. Эрте менен таптаза турган көчөлөр түшкө жетпей ар кандай калдыктарга толушу - коммуналдык кызматтардын эмес, элибиздин тазалыкка болгон кайдыгер мамилесин билдирет.
Студенттер эмне дейт?
ОшМУнун башкы имаратынын жанындагы Токтогул паркынын ичин кыдырып жүрүп, отургучтардын жанында бошогон шире кутучалары менен тамеки калдыктары калтырылганына күбө болдук. Ушул эле жерде эс алып отурган жаштардын бирин сөзгө тарттык.
«Биз өзүбүз группалшатар менен арыктарга бөтөлкө ыргытпаганга аракет кылабыз. Бирок көчөдө баратканда таштанды челектер аз же бири-биринен кыйла алыс жайгашкан. Бир чети маданияттан болсо, экинчи чети шаарда заманбап урналарды көбүрөөк орнотуу керек. Ар бир аялдамага, сейил бактарга сорттой турган челектер коюлса, жаштар да тазалыкты көбүрөөк сактамак», — дейт Аскат ысымдуу студент.
Күн сайын таштандыга толгон татынакай шаарыбыздын бул абалын көргөн ар бир патрионтмун деген уул-кыздарыбызды бул маселе ойлондурбай койбойт. Андыктан бул ишти чечүүнүн бир катар жолдорун караштырып көрүүнү чечтик. Көйгөйдү чечүүнүн ишке аша турчу негизги 3 жолу:
-Экологиялык маданиятты өстүрүү. Мектеп жана жогорку окуу жайларда, ал тургай бала-бакчалардан баштап, экологияны таза кармоо тууралуу сабактарды кеңейтүү;
-айып пул жана тыкыр көзөмөл. Коомдук жайларда таштанды ыргыткандарга карата айып пул салып, аларды көзөмөлдөөгө кызматкерлерди тартуу;
-Урналарды көбөйтүү. Чоң ишканаларга, окуу жайларга, эс алуучу жерлерге жана эл көп чогулуучу бардык тараптарга таштанды урналарын орнотуу.
Корутунду
Элибиздин тазалыка болгон күчтүү аракети – бул шаарыбызыдын гүлдөп өсүп-өнүгүшүнө кошкон чоң салымы. Ар бирибиз таза коомду өзүбүз жараталы. Кел, мекендеш, сенин жана менин тазалыгым өзүбүздүн маданияттуулугубуздун белгиси.
Авторлор: Надира Абакирова, Асель Нурмаматова.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


