Иран: Мунайчылар отурган автобус оодарылып, 10 адам каза болду

Кечээ, 14-ноябрь күнү кечинде Ирандын батышындагы Илам провинциясында мунай иштетүүчү компаниянын кызматкерлери түшкөн автобус оодарылып кетип, он адам каза болуп, дагы 18и жаракат алды. Бул тууралуу «Fars» маалымат агенттиги билдирет.

Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те Дехлоран округундагы Мурмуриге баруучу жолдо болгон.

Илам медициналык университетинин тез жардам бөлүмүнүн жетекчиси Мехди Шабанинин айтымында, кырсык болгон жерге ыкчам топтор, 10 тез жардам унаасы жана медициналык автобус жөнөтүлгөн. Жабыркагандар Иламдын жана коңшу Хузестан провинциясынын ооруканаларына жеткирилген. Бир нече адам өтө оор абалда.

Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек. Аларды тиешелүү органдар жарыялай турганын маалымдалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз