Украина Крым көпүрөсүнө сокку урду

Украин аскерлери 16-ноябрга караган түнү Крым көпүрөсүнө чабуул жасашты. Бул тууралуу Крымдын башчысы Сергей Аксенов билдиргенин «The Moscow Times» жазды.

Аксеновдун айтымында, көпүрө аркылуу унаа кыймылы болжол менен күн ортосуна чейин чектелет. Чабуулга байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү.

Өтмөк аркылуу кыймыл Москва убактысы боюнча саат 02:22 чамасында токтотулду. Украин мониторинг ресурстары жергиликтүү тургундарга таянуу менен Керчтеги учкучсуз аппараттар жана жарылуулар тууралуу билдиришти.

«Mash» Telegram-каналынын маалыматы боюнча, учкучсуз аппараттардын биринин бөлүгү көпүрөнүн Крым тарабындагы оң аркасына тийген, мунун кесепетинен конструкция деформацияга учурашы мүмкүн эле. Көпүрөнүн талкаланганы тууралуу маалыматтын расмий тастыктамасы азырынча жок.

«Интерфакс» билдиргендей, көпүрөнүн жабылышынан улам Москва, Санкт-Петербург жана Адлерден Крымга бараткан төрт жүргүнчү поезди кармалууда.

Согуш башталгандан бери Крым көпүрөсү эки жолу олуттуу талкаланган — 2022-жылдын октябрында жана 2023-жылдын июлунда. 2025-жылдын июнунда Украинанын Коопсуздук кызматы көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн аймагында суу астындагы жардыруу болгонун билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз