Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
Быйыл Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын демилгеси менен Ош шаарында 12-октябрдан 1-ноябрга чейин Алымбек Датканын урматына арналган спорттун улуттук, олимпиадалык жана олимпиадалык эмес 23 түрү боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдештер өткөрдү. Башкармалыктын жетекчиси Айбак Камаловдун аны жыйынтыктап жатып, федерациялар менен биргеликте кызуу даярдык көрүп, уюштуруу жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Кыргыздын белгилүү инсаны Алымбек Датканын урматына уюштурулган масштабдуу бул мелдешке республикабыздын бардык облустарынан жана Казакстан, Өзбекстан жана Тажистандан келген 4954 спортчу катышып, анын ичинен Ош облусунан жана шаарынан келген спортчулардын саны 2250нү түздү. Ынтымакты негиздөөгө өбөлгө болгон Кызыктуу өткөн мелдештердин жыйынтыгында 1474 жеңүүчүлөр жана байгелүү орундар аныкталды. Жергиликтүү спортсмендердин куржунуна 689 медаль түшүп, анын 189у алтын, 211 күмүш, 289 коло болду.
Анын жыйынтыгында Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы аталган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрүнө, уюштурууга жана аны өткөрүүгө активдүү катышкандарды сыйлоо аземин өткөрдү.
Эске салсак, Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2024-жылы Алымбек датканын 225 жылдыгына карата Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы спорттун 11 түрү боюнча облустук деңгээлде мелдештерди өткөргөн болчу. Өткөн жылы Алайдын Калама жайлоосунда КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөрүлгөн чоң мааракеде улуттук спорттун 7, андан кийин шаарда спорттун олимпиадалык жана олимпиада эмес10 түрү боюнча мелдештер уюштурулган. Кийинки жылы спортттун 30 түрү оюнча эл аралык мелдеш уюштурула тургандыгы белгилүү болду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

