Казакстан автоунаа менен чек араны кесип өтүүнүн жана жүк ташуунун жаңы эрежелерин киргизди
2025-жылдын 23-сентябрынан тарта Казакстан Республикасында мамлекеттик чек араны автоунаа транспорту менен кесип өтүү жана жүктөрдү ташуу эрежелерине өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилиги билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
Өзгөрүүлөрдүн маңызы
Өзгөртүүлөргө ылайык, эми жүк ташуучулар жана автоунаалар акылуу электрондук кезек системасын (СЭО) колдонууга милдеттүү. Мындан тышкары, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды кезексиз же ылдам өткөрүү тартиби так аныкталды.
Негизги өзгөртүүлөр
Жергиликтүү аткаруу органдары чек ара өткөрмө пункттарынын жанында күтүү зоналарын уюштурууга милдеттүү.
Электрондук кезек системасында (СЭО) кезексиз каттоодон өтүү мүмкүнчүлүгү төмөнкү категориядагы унаалар үчүн каралган:
почта операторлору;
жаныбарларды, тез бузулуучу, коркунучтуу, экспорттук, гуманитардык жана аскердик жүктөрдү ташыган унаалар.
Кезексиз өткөрүү үчүн брондоолордун саны чектелет:
почта операторлору үчүн — өткөрүү пунктунун суткалык мүмкүнчүлүгүнүн 1% чейин;
жаныбарларды, тез бузулуучу, коркунучтуу, экспорттук, гуманитардык жана аскердик жүктөрдү ташуучулар үчүн — 5% чейин.
Электрондук кезек аркылуу өтүү үчүн тарифтер:
бир жүк ташуучу унаа үчүн — 1 АЕК (3932 теңге);
кезексиз өткөрүү — 1 АЕК;
ылдам өткөрүү — 100 АЕК (393 200 теңге);
экинчи жолу брондоо — 100 АЕК;
кепилдик төлөм (депозит) — 20 АЕК (78 640 теңге).
Байкоо жана коопсуздук чаралары
Чек ара аркылуу өтүү мамлекеттик номерлерди тааный турган камералар аркылуу ишке ашырылат. Алар мамлекеттик маалымат базасына жана СЭО системасына туташтырылган.
Катталуу СЭО сайты аркылуу ЭЦП же SMS-код аркылуу жүргүзүлөт. Система автоматтык түрдө автоунаанын каттоосун, камсыздандыруусун жана айып пул боюнча карыздарын текшерет.
Колдонуучулардын жоопкерчилиги
Эгерде колдонуучу жалган маалымат киргизсе, анын аккаунту бөгөттөлөт.
Регистратордун иш-аракеттерине болгон даттануулар 5 иш күнү ичинде каралат.
Көп жолу брондоо чектелет. Эгер брондоону жокко чыгарса же белгиленген убакта өткөрмө пунктуна келбесе — төлөнгөн акча кайтарылбайт.
Колдонуучу бронду бир жолу башка күнгө кошумча төлөмсүз жылдыра алат, бирок бошогон слотторду кайра брондоо тыюу салынат.
Бул маалыматтык билдирүү Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги тарабынан мамлекеттик органдарга жана жүк ташуучуларга маалымат берүү максатында жөнөтүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.