Ошто эл аралык турнирлерди кабыл ала турган «Булак» бассейни ачылды
Кечээ, 5-октябрда Ош шаарында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда «Булак» спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекси ачылды. Иш-чара мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.
Президент Садыр Жапаров меймандар менен кыскача саламдашып, символикалык түрдө комплекстин боосун чечүү аркылуу расмий ачылышты жасады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Президентке спортчулар үчүн түзүлгөн шарттар көрсөтүлдү. Комплекстин курамында олимпиадалык үлгүдөгү бассейн, заманбап фитнес-зона, эс алуу жана калыбына келүү бөлмөлөрү орун алган.
Маалыматка ылайык, бул объект мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде курулган. Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктаган. Долбоордун жалпы наркы 202 миллион сомду түзөт.
Буга чейин «Ош жаңырыгы» ушул жылдын 12-май күнү Ош шаарындагы «Булак» спорт комлексинин курулушу толук бүтө элек имаратында курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштыруу иш-чарасы өткөнүн жазган.
Мурда аталган спорт коплекстин ордунда «Дельфин» аталышындагы бассейн болгон. Анын имараты эскиргендиктен жергиликтүү бийлик эл аралык стандарттарга ылайык келген спорт комплекс курууну чечкен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.