Химия боюнча Нобель сыйлыгына үч окумуштуу татыктуу болду
Химия боюнча Нобель сыйлыгы жаңы металл-органикалык кошулмаларды иштеп чыккандыгы үчүн ыйгарылды. Аны жапон окумуштуусу Сусуму Китагава, британиялык Ричард Робсон жана иорданиялык Омар М. Яги бөлүшүштү, деп жазат "Би би синын" орус кызматы.
Окумуштуулар газдар жана башка химиялык заттар өтө ала турган чоң боштуктары бар молекулярдык түзүлүштөрдү жаратышкан. Бул түзүлүштөр «металл-органикалык каркастар» деп аталат. Алар чөлдө абадан суу жыйноо, көмүр кычкыл газын кармоо, уулуу газдарды сактоо же химиялык реакцияларды катализдөө үчүн колдонулушу мүмкүн, — деп айтылат Нобель комитетинин басма сөз билдирүүсүндө.
Сусуму Китагава 1951-жылы Япониянын Киото шаарында төрөлгөн. 1979-жылы Киото университетинен доктордук даража алып, учурда ошол эле университеттин профессору.
Ричард Робсон 1937-жылы Улуу Британиянын Гласберн шаарында төрөлгөн. 1962-жылы Оксфорд университетинен доктордук даража алган, азыр Мельбурн университетинин профессору.
Омар М. Яги 1965-жылы Иорданиянын Амман шаарында төрөлгөн. 1990-жылы АКШнын Урбана-Шампейн шаарындагы Иллинойс университетинен доктордук даража алган. Азыр Калифорния университетинин (Беркли) профессору болуп иштейт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.