Спортту өнүктүрүү жана жайылтуу зарыл
Араван райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби бүгүнкү күндө жаш муундарды сергек жашоого үндөө жана келечектүү спортчуларды тарбиялоо багытында өз ишин улантып келет. Мында спорттун бир нече түрү боюнча машыгуулар расмий бекитилген программанын негизинде тажрыйбалуу машыктыруучулардын көзөмөлүндө үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Мындай системалуу иштердин натыйжасында окуучулар акыркы убактарда бир топ жогорку ийгиликтерге жетишип, облустук жана эл аралык мелдештерде райондун намысын татыктуу коргоп жатышат.
Биздин кабарчыбыз жакында райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Жахангир Азаматжанович Каюмовго жолугуп, райондун спорт тармагындагы ийгиликтери, келечеги жана жүрөк өйүткөн көйгөйлөрү тууралуу маектешип кайткан.
-Жахангир Азаматжанович, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө олуттуу маани берилип жаткандыгы баарыбызга маалым. Араван районунда абал кандай?
-Мамлекет башчысынын тапшырмаларынын негизинде райондук мамлекеттик администрациясынын көзөмөлү менен райондогу бир катар айыл өкмөттөрүндө эскилиги жеткен стадиондорду калыбына келтирүү, мүмкүнчүлүгүнө карап кичи футбол аянтчаларын куруу иштери кызуу жүрүүдө, бул саамалыкка жергиликтүү тургундар да өз салымдарын кошуп келе жатышат. Мындан тышкары, бир катар айыл өкмөттөрүндө жеке менчик спорт залдары жана футбол аянтчалары курулуп, жергиликтүү калк үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мисалы, 2026-жылдын сентябрь айынын башталышында эле Керме-Тоо айыл өкмөтүндө жабык кичи футболдук аянтча, Дөбө-Коргон айыл өкмөтүндө жаштар үчүн спорттук залдар ачылып жатканын айтсак болот.
Учурдан пайдаланып, Аравандын спорт сүйүүчүлөрү үчүн жагымдуу жаңылыкты баса белгилеп айтып коюуну туура таптым. Аларга жакшы маалым, биздин мекеме С.Юсупова айыл өкмөтүнүн карамагында турган борбордук стадиондун бир четиндеги шарты начар эски имараттан орун алган. Аталган айыл өкмөт азыркы учурда эски стадион жайгашкан жайда заманбап спорттук комплексти куруу боюнча долбоорлоо мекемелерине кайрылууларды жиберген. Долбоор аягына чыгып, ал колдоого алынгандан кийин, заманбап спорттук комплекстин курулушу 2027-жылын 2-жарымында башталганы турат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын алдыдагы беш жылдык өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарын белгилеп, анын ичинде спорт тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады. Ошондуктан бул тармактын өнүгүү деңгээли мындан да жогорулайт деген ишенимдебиз.
- Биздин байкообузда Араванда улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жана аны кеңири жайылтууга өзгөчө көңүл бурулуп жатыптыр. Анын жыйынтыгы кандай?
-Бул багыттагы аракетибиз өз жемишин берди. Жаштарыбыз арасында өткөрүлгөн абройлуу «Манас оюндарынын» алкагында улуттук күрөш боюнча биздин 80 кг салмактагы Элнур Жаңыбаев жана Иманберди Махаматжанов аттуу 2 окуучубуз облустук мелдеште өздөрүнүн жогорку даярдыгын, мыкты чеберчилигин көрсөтүп, республикалык мелдешке жолдомо алууга жетишти. Бул биз үчүн кубанычтуу окуя. Алар алдыдагы республикалык этапта да ийгиликке жетишет деген үмүттөбүз.Бул жерде машыктыруучу Алишер Мансуров жетектеген футбол секциясынын ийгиликтери тууралуу айта кетүү зарыл. Жаш футболчуларыбыз облустук жана республикалык деңгээлден сырткары, эл аралык деңгээлде да өздөрүн көрсөтүп жатышат. Жакында эле өткөн эл аралык футбол мелдешинде биздин команда өздөрүнүн мыкты даярдыгын жана командалык биримдигин көрсөтүп, байгелүү 3-орунду багындырып кайтты. Бул эл аралык ийгилик биздин туура багытта баратканыбыздын далили. Ушул айда баскетбол, шахмат оюндарын өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.
-.Райондун спортчулары үстүбүздөгү жылы кандай мелдештерге катышкандыгына токтолуп, анын жыйынтыгын айтып өтсөңүз?
- Биздин райондун спортчулары спорттун Улуттук күрөш, Алыш бел боо күрөшү, Грек-Рим күрөшү, бокс, футбол түрлөрү боюнча облустук жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтыктарга жетишти. Атап айтканда быйыл 30-31- майында өткөрүлгөн “Мен чемпион” республикалык мелдештин облустук турунда бокс боюнча 6 окуучубуз 1- орунду, 1 окуучубуз 2- орунду, 2 окуучубуз 3- орунду багындырса, 2026- жылдын 6-10-октябрда өткөрүлгөн Грек-Рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде биздин спортчуларыбыз М. Шарипов экинчи, Бердибеков 3-орунга жетишсе, Ал эми 15-17-октябрда өткөрүлгөн эл аралык турнирде Бердибеков жана М. Шарипов экөө тең байгелүү 1- орунга жетишишти. Ошондой эле эл аралык турнирде Улуттук күрөш боюнча 70 кг салмакта Э. Жанибеков атуу окуучубуз 2-орунга жетишти.
- Мындай ийгиликтердин артында машыктыруучулардын чоң аракети турат эмеспи. Азыркы учурда аларга коюлган талап да жогору. Эл оозуна алынып калган машыктыруучулардын ысмын атай кетсеңиз.
-Сиз абдан маанилүү маселени козгодуңуз. Чындыгында, бүгүнкү мезгилдин машыктыруучуларга койгон талабы өтө жогору. Азыркы машыктыруучу тек гана спорттун эрежесин үйрөтүүчү эмес, ал ошол эле учурда мыкты психолог, педагог жана заманбап инновациялык машыгуу ыкмаларын өздөштүргөн жогорку деңгээлдеги адис болушу шарт. Себеби, эл аралык аренада атаандаштык күчөгөн сайын, спортчулардын даярдыгына болгон талап да өсүүдө. Биздин балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин негизги таянычы өз кесибин сүйгөн, күнү-түнү талыкпай эмгектенген машыктыруучулар курамы. Алсак, Ураимжонов Акмалжон — өз ишинин такшалган чебери, жаштарга спорттун сырларын терең үйрөтүп келе жаткан тажрыйбалуу адис. Султанов Исамидин — өспүрүмдөрдүн ички потенциалын ачып, аларды чоң жеңиштерге шыктандырган кесипкөй машыктыруучубуз. Тургунали уулу Арнобек — заманбап машыгуу ыкмаларын ийгиликтүү колдонуп, шакирттери жогорку көрсөткүчтөрдү багындырып жаткан таанымал устат. Абдыкалык уулу Сыргак — балдардын дене тарбиясына жана спорттогу тартибине өзгөчө көңүл буруп, татыктуу спортчуларды даярдаган жигердүү педагог. Мансуров Алишер — коомчулукта чоң кадыр-баркка ээ болуп, Аравандын спорттогу атын алыска чыгарууга зор салым кошуп келе жаткан машыктыруучу.
Алардын артында дагы канчалаган жаш өспүрүмдөрдүн тагдыры, ийгиликтери турат. Биз мындай кесипкөй машыктыруучуларыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз.
-Алыстагы айылдарга спорт жетпей, элет жериндеги балдарыбызга толук кандуу көңүл бурулбай жаткандай. Аны чечүү үчүн сиздерде кандай аракеттер жасалып жатат?
-Бул абдан орундуу жана жүрөктү өйүткөн суроо. Элет жериндеги, алыскы айылдардагы балдарыбыздын спортко болгон табигый талантын жана кызыгуусун колдоо — биздин эң башкы милдеттерибиздин бири. Спорт бир гана райондун борборунда эмес, ар бир айылда, ар бир өрөөндө жеткиликтүү болушу шарт. Биз "чет жакада калган бир дагы бала спортсуз калбашы керек" деген принципти карманабыз.
Бул маселени куру сөз менен эмес, конкреттүү иштер менен чечүү максатында биз маанилүү кадамдарды таштап жатабыз. Анын мисалы катары Төө-Моюн өрөөнүн айтсак болот. Райондук борбордон алыс жайгашкандыгына карабастан, Төө-Моюн өрөөнүндө спортко суусаган, өзгөчө волейболго кызыккан өспүрүмдөрүбүз абдан көп. Бул муктаждыкты туура түшүнүү менен, Төө-Моюн өрөөнүндө спорттун волейбол түрү боюнча атайын штаттык бирдик ачууну пландап жатабыз. Бул эмнени түшүндүрөт? Кесипкөй машыктыруучу ал жердеги өспүрүмдөр менен атайын айлык акы алган, кесипкөй жана тажрыйбалуу машыктыруучу туруктуу негизде иш алып бармакчы. Туруктуу машыгуулар: Айылдагы балдар убактылуу эмес, системалуу түрдө, бекитилген график боюнча расмий машыгууларды өткөрүшөт. Массалык тартуу: Бул штаттык бирдиктин ачылышы Төө-Моюндагы жүздөгөн өспүрүмдөрдү көчөдөгү зыяндуу адаттардан алыстатып, спорт залына алып келүүгө чоң өбөлгө түзүлөт. Волейбол секциясы аркылуу биз Төө-Моюн өрөөнүнөн келечекте облустун жана республиканын деңгээлинде Аравандын намысын талаша турган мыкты волейболчуларды тарбиялап чыгарабыз деген максатыбыз бар.
- Эми чечүүнү талап кылган көйгөйлөргө токтолуп өтсөңүз.
- Кийинки жылдарда мамлекет тарабынан колдоо чоң болуп, абалыбыз мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу жакшы..Бирок, жетишкендиктер менен бирге эле, чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү да ачык айтышыбыз керек. Санай келсек, алар төмөнкүлөр: Спорттун айрым түрлөрү боюнча, өзгөчө улуттук күрөш, бокс, футбол жана волейбол секцияларында заманбап машыгуу шаймандары, атайын килемдер (татами) жана сапаттуу топтор жетишсиз; Спорт залдардын жетишсиздиги жана кышкы жылытуу маселеси. Район борборунан алыс жайгашкан айылдарда атайын адистештирилген спорт залдары жетишсиз болгондуктан, көпчүлүк учурда мектептердин спорт залдарына көз карандыбыз. Муну менен катар, кышкы мезгилде кээ бир спорт залдарды тийиштүү деңгээлде жылытуу маселеси курч бойдон калууда, бул суук түшкөндө машыгуулардын үзгүлтүккө учурашына алып келе жатат.
Каржылоонун тартыштыгы жана мелдештерге баруу маселеси Биздин окуучулар облустук жана республикалык мелдештерден сырткары, коңшу өлкөлөрдө өтүүчү эл аралык турнирлерге көп чакыруу алышат. Бирок жол кире, жатакана жана тамак-аш чыгымдарын толук каржылоого мектептин бюджети жетпей, көп учурда ата-энелердин же демөөрчүлөрдүн көмөгүнө таянууга туура келет. Бул каржылык маселе таланттуу, бирок шарты жок балдардын чоң мелдештерге катышпай калышына себеп болууда.
Жаш адистерди (машыктыруучуларды) аймакка тартуу Жогоруда айтылгандай, мезгилдин талабы жогору. Алыскы айылдарга жана жаңы ачылган штаттык бирдиктерге жогорку билимдүү, заманбап методдорду билген жаш машыктыруучуларды тартуу кыйын болууда. Мунун башкы себеби, айлык акынын аздыгы жана аймактарда жаш адистер үчүн социалдык пакеттердин (турак жай ж.б.) жоктугу.
-Кийинки жылдарда адаптивдүү жана паралимпиялык спорттун түрлөрүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштады. Сөз багытын ушул тарапка бурсак.
-Бул бүгүнкү күндүн эң маанилүү жана коом үчүн өтө зарыл болгон маселеси. Биздин Араван районунда да өзгөчө камкордукка муктаж, бирок ички эрки күчтүү, спортко кызыккан өспүрүмдөрүбүз жана жаштарыбыз бар. Мамлекеттин бул багыттагы саясатын колдоо менен, биз төмөнкүдөй маанилүү аракеттерди көрүп жатабыз: Чындыгында, акыркы жылдары мамлекет тарабынан инклюзивдик коомду түзүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызды колдоо, анын ичинде адаптивдүү жана паралимпиадалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып жатат. Бул багытты өнүктүрүү — жөн гана спорт эмес, бул биринчи кезекте адамгерчиликтин, тең укуктуулуктун жана социалдык колдоонун бийик үлгүсү.Биздин Араван районунда да өзгөчө камкордукка муктаж, бирок ички эрки күчтүү, спортко кызыккан өспүрүмдөрүбүз жана жаштарыбыз бар. Адаптивдүү спортту өнүктүрүү үчүн алгач инфраструктура даяр болушу шарт. Биз мектебибиздин спорттук базаларын, машыгуу залдарыбызды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтыруу, алардын спорт залдарына тоскоолдуксуз кирип-чыгуусуна шарт түзүү (пандустарды куруу, атайын шаймандар менен камсыздоо) багытында иш алып баруудабыз. Аларды спорт аркылуу коомго интеграциялоо. Биздин максат — өзгөчө муктаждыгы бар балдарды үйдө отургузбай, аларды спорттун жеткиликтүү түрлөрү аркылуу коомго аралаштыруу. Спорт — бул алар үчүн өзүн көрсөтүүнүн, ички потенциалын ачуунун жана ден соолугун чыңдоонун эң натыйжалуу куралы боуп саналат. Келечекте райондогу мындай өспүрүмдөрдү аныктап, алардын каалоосуна жана ден соолугунун абалына жараша ылайыктуу спорт түрлөрүнө тартуу багытында иш алып барууну пландап жатабыз.
Адаптивдүү спорт кадимки спорттон айырмаланып, өзгөчө мамилени жана атайын билимди талап кылат. Ошондуктан, биздин машыктыруучулардын бул багыттагы квалификациясын жогорулатуу, атайын методикаларды өздөштүрүүсү маанилүү. Бул боюнча республикалык деңгээлдеги тренингдерге жана семинарларга адистерибизди катыштырууну көздөп жатабыз.
Материалды уюштурган: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

