Алдыңкы мектеп, ынтымактуу жамаат

№86-Курманжан Датка  атындагы жалпы билим берүү мектеп-комплекси Кара-Суу районундагы ири мектептердин бири. Бүгүнкү күндө бул мектепте  2572 окуучу окуйт. Эки жолу “Мыкты инновациялык  мектеби” сынагынын облустук турунда  жеңүүчү болуп таанылган бул мектеп тууралуу Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги өздөрүнүн  жылуу пикирлерин айтып,  мектепке барып, андагы жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбиялык иштер менен  таанышып келүүнү сунушташты. Алардын айтуусунда аталган мектепти кезегинде  республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун катышуучусу,  Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы , райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегия мүчөсү  Гүлсүн  Чомоевна Бөрүбаева жетектеп келе жатат.  

Райондун борборунан  Мады айыл өкмөтүнө карай  багыт алдык.  Айыл адамдарынын адаты эмеспи, ой-боюңа койбой сөзгө тартып, аты-жөнүңдү, иштеген жериңди сураштырып, кимге баратканыңды   тактап алышат.  Келе жаткан максатымды, каерге, кимге баратканымды айттым. Сапарлаш адамдар  Социализм айылынын тургундары, айрымдары  ошол мектептин бүтүрүүчүлөрү экен. Алардын   сөзү  мектеп 1987-жылы пайдалууга берилгендигинен башталып, ал  полководец  М.В.Фрунзенин  атын  алып жүргөндүгү, 1992-жылы ага кыргыздын кыраан кызы Курманжан Датканын аты ыйгарылгандыгына өтүп, баяндама  мектепти 2012-жылдан бери жетектеп келе жаткан  Гүлсүн Бөрүбаева жөнүндө уланды.

-Биз билгенден директорубуз бул мектепте 1983-жылдардан бери иштейт, ал адегенде орус тили жана адабияты мугалими болуп келген.  Кийин мектеп директорунун тарбиялык, андан кийин окуу-тарбия боюнча  иштер боюнча орун басары болуп ищтген.  2012-жылдан бери  директорлук кызматта. Анын аракети менен  мектептин материалдык-техникалык базасы жылдан жылга чыңалып жатат.  Ал  4-5 долбоор менен натыйжалуу иштеди.  Бир топ жыл мурда мектептин алдындагы бош жаткан аянчага  брусчатка төшөлгөн. Республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн  берген жардамы менен мектептин эски  терезелери пластик терезелер  менен алмаштырылды. Дагы бир долбоор менен иштеп, күндөн энергия ала турган  панелдер орнотулду.   Мектеп үчүн өтө зарыл болгон  минифутбол аянтчасы да дем берүүчү гранттын эсебинен пайдаланууга берилген. Демөөрчүлөрдөн көмөгү менен окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында  32 камера, видеокөзөмөл  коюлган. Мектепте акылдуу коңгуроо да  орнотулган.   Айыл жеринде мектепке чейинки жаштагы балдар мекемесине суроо-талап көп. Бул көйгөйдү чечүүдө да Гүлсүн Чомоевнанын эмгеги чоң. Билген, түшүнгөн адамга анын артында көп эмгек, көп мээнет турат.  Айтор,  айта берсек, мектепте көп жумуштар жасалды”-деп айтышты. 

Биз мектепке жеткенде  3-сабак аяктап, окуучулар тыныгууга чыгып, башталгыч класстын окуучулары ашканага  ысык тамак ичкенге кирип жаткан экен. Мектептин директору Гүлсүн Бөрүбаеваны чакыртканыбызда, ал жаныбызга келип саламдашып, таанышкандан кийин аны сөзгө тарттык. 

-Мектепте 1246 окуучу ысык тамак менен  тамактанат. Ашканага  120 бала  бир кирип, ашпозчуларыбыз балдарды толук тамактандыруу үчүн 10 жолу дасторконун жайып, кайра жыйнайт.  Ашпозчуларыбыз көп жылдык тажрыйбасы  бар адистер. Жасаган тамктары дамдуу.  Биз  БУУнун Азык түлүк прогаммасы менен тыгыз иштеп, анын алкагында  мектеп ашканасына  жаңы жабдуулар, демөөрчүлөрдүн жардамы менен стол стулдар жаңыланды. Биздин мектепте 2021-жылы көмөкчү чарба уюштурулган.   Ошол жылы мектептин айлана-тегеригине  мөмөлүү дарактардын  көчөттөрү  олтургузулган болчу. Анын  алды өзүнүн түшүмүн бере баштады.  

Бизде мектеп окуучуларынын саны жылдан жылга көбөйүп, класстар жетишпей жатат.  Биз кой өстүрүүнү да колго алган болчубуз.  Анын саны көбөйүп, аны багууга жумшалган чыгым көбөйүп кеткендиктен, аны сатып, андан түшкөн пайданы  жамааттын педагогикалык жыйынынын чечими менен  аны класстарды ачуу, алардын жылытуу системаларын. видеокөзөмөл орнотууга  пайдаландык.

Өзүңүз да уккандырсыз, быйылкы окуу жылында мектепте 2572  окуучу окуйт. Жамаатыбыз да чоң. Азыркы учурда мектепте 123 мугалим, 32 техникалык персонал  эмгектенет. Мектепте 43 класстык бөлмө, спорт залы,  ашкана, окуучулар үчүн эмгек каанасы бар. Мектепке 2 панель, 2интективдүү доска,   24 телевизор орнотулуп, 35 компьютер менен камсыздалган. Мектептин алдында  3 тайпалуу балдар бакчасын уюштурулуп,  90 бала тарбияланып жатат.  Анда 5 тарбиячы, 4 тарбиячынын жардамчысы жана  1 медайым  иштейт.  

Мектептеги окуу-тарбия иштери талапка ылайык  жүргүзүлүп жатат.  Биздин мектепте ар кайсыл жылдарда 4 окуучубуз “Алтын тамга” тестинен ийгиликтүү өтүшүп, мектептин атын алыска чыгарышкан.  ЖРТгө катышкан  бүтүрүүчүлөрүбүздүн көрсөткүчтөрү  жогору болуп жатат. Быйыл бул багытта мектепте атайын окутуулар уюштурулат.   Окуучуларыбыздын  арасынан  райондук жана облустук олимпиадаларга катышып, республикага чейин барып келген  балдарыбыз бар. 

Окуу-тарбия иштеринин ойдогудай жүргүзүлүшүндө, албетте педагогдордун  адистик кесипкөйлүгү маанилүү роль ойнойт. Алар  сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын, алгылыктуу усулдук тажрыйбарды колдонуу менен сабактын натыйжалуугун көтөрүүгө, өз билимдерин өркүндөтүүгө олуттуу маани берип жаткандыктарын  баса белгилеп айткым келет.   Биздин мектепте көп жылдардан бери  жогорку окуу жайын жаңыдан бүтүрүп келген жаш адистин  педагогикалык кесипти ойдогудай өздөштүрүп кетүүсүнө  жардам берген “Устат- шакирт”  ыкмасы  колдонулуп келет.  Анын пайдалуу, туура экендигин мезгил өзү тастыктап келе жатат. Быйылкы жаңы окуу жылы башталганда педагикалык кеңешменин чечими менен  6 жаш адиске  тажрыйбалуу мугалимдер насаатчы катары бекитилип  берилди. 

Практика көрсөткөндөй, мектеп үчүн  ата-энелер менен болгон тыгыз байланыш эки тарап үчүн пайдалуу. Бул багытта биздин көп жылдык тажрыйбабыз бар. Бизде  шаршемби -ата-энелер күнү. Мектепте “40 чоро”, “40 кыз”  уюмдары уюштурулган. Мактангандай болбойлу, алардын окуучулар арасында таасири күчтүү. 

Биздин педагогикалык жамаат  ынтымак. Ушул фактор  жогоруда айтылган ийгиликтерге өбөлгө болуп келди, мындан ары да боло бермекчи.

Материалды даярдаган: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз