Кыргызстан менен ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду жеке секторду колдоо боюнча келишимди ратификациялады

ОПЕКтин штаб-квартирасы

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 18-мартында Кыргызстан менен ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду ортосундагы жеке сектордун операцияларын уюштуруу боюнча Рамкалык келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Бул документти Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 27-февралында кабыл алган.
 
Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганын ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фондуна билдирүү милдети жүктөлдү.
 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
 
Маалымат үчүн
 
ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЕК фонду) – 1976-жылы түзүлгөн көп тараптуу финансылык уюм. Анын негизги максаты – өнүгүп жаткан өлкөлөргө финансылык колдоо көрсөтүү. Фондго төмөнкү 12 мамлекет мүчө: Алжир, Эквадор, Габон, Индонезия, Иран, Ирак, Кувейт, Ливия, Нигерия, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Венесуэла.
 
Фонд төмөнкү багыттар боюнча жардам берет:
 
- Мамлекеттик долбоорлорду жана өнүгүү программаларын каржылоо;
 
- Төлөм балансынын колдоосу;
 
- Жеке секторду биргелешип каржылоо.
 
Мындай рамкалык келишимдер буга чейин Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан менен да түзүлгөн. Ар бир долбоордун каржылоо шарттары тобокелдиктерге жана рыноктук факторлорго жараша аныкталат, пайыздык чен 1,5%дан жогору болушу мүмкүн.
 
ОПЕК (Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму) – 1960-жылы түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм. Анын негизги максаты – нефть өндүрүүнү квоталар аркылуу жөнгө салуу. ОПЕК көп учурда картель катары сыпатталат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз