Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдөөчү келишимге кол коюшту

Президент Садыр Жапаров менен Президент Эмомали Рахмон Ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшту 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 31-мартта, Хужант  шаарында Ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюу аземине катышты. 
 
Мамлекет башчылары бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бекем пайдубалы болуп, келечек муундарга саясий жетилгендиктин, боордоштуктун жана тарыхый жоопкерчиликтин үлгүсү болооруна ишенимин билдиришти.
 
Ратификациялык грамоталар эки өлкөнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдейт жана чек араны толук демаркациялоо, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз