Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун чукурлары жамалып, Чоң-Талаа айылынын 3 чакырым жолуна асфальт төшөлөт

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 223-чакырымындагы Чоң-Талаа айылына бара турчу 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Азыркы тапта № 2 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан жолдун негизин даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу ранспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, № 2 ЖТИнин кызматкерлери Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунда (3-8-чакырымдар аралыгы) жер жумуштарын аткарып жатышат. 
 
«Ал эми Дорожный-Чолок-Боом жолунда ысык асфальт менен аң-чөнөктөр толтурулууда. Ушундай эле жумуштар Жалал-Абад-Казарман, Жаңы-Турмуш-Кара-Дөбө, Көк-Жар-Ала-Тоо, Бишкек-Красный-Строитель, Михайловка-Николаевка-Токтоян, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Кунтуу-Шопоков жана Бишкек-Ош унаа жолдорунда жүрүп жатат. Жол жээгин тегиздөө жумуштары Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок, Бишкек-Нарын-Торугарт, Суусамыр-Талас-Тараз жана башка жети дубан жолдорунда аткарылууда»,- деп айтылат маалыматта.
 
Жогоруда аталган жол иштеринен тышкары аймактарда куурап калган бактардын бутактарын кыркуу, тоо боорунан кулаган таштар менен жол боюндагы арыктарды жана айланасын тазалоо, тосмолорду, бордюрларды, аялдамаларды, көпүрөлөрдү актап, сырдоо, шагыл жолдорду сүрүп, тегиздөө жана “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу менен аларды байма-бай сугаруу иштери жүрүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз