Төрага Нурланбек Тургунбек уулу блогерлердин айынан ишкерлерди укук коргоо органдары көп текшерип жатканын айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2-апрелде парламенттин жыйынында укук коргоо органдары, прокуратура жана УКМК блогерлердин көрсөтмөсү боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.
Ал жарандардан көптөгөн арыздар келип түшүп жатканын айтып, блогерлердин саны көбөйүп кеткенин белгиледи:
«Жарандардын айтымында, блогерлердин көрсөтмөсү боюнча укук коргоо органдары, прокуратура жана УКМК текшерүүлөрдү жүргүзүп, аларды кыйнап жатышат. Ишкерлер, мамлекеттик органдар жана жөнөкөй жарандар бул текшерүүлөрдөн тажап бүтүштү. Текшерүүлөр алдын ала талданып, негиздүү жүргүзүлсө мейли эле. Бирок жок, блогерлер жеке таарынычтары же кызыкчылыктары үчүн маселе көтөрүшөт, андан соң тынымсыз текшерүүлөр жана тергөө иштери башталат», – деди ал.
Спикер күч түзүмдөрүн мындай маселелерде этият болууга чакырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.