"Кеня" кайманата аты менен белгилүү жаран кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү алкагында жүргүзүп жаткан иш-чаралардын негизинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Т.К.И. кармалды.
Ал маркум криминалдык авторитет К.Асанбектин тобунда иерархиялык жактан жогорку орунду ээлеп, анын түз көрсөтмөлөрүн аткарып келген. Аталган көрсөтмөлөр арасында опузалап талап-тоноо жана башка оор кылмыштар да бар экени аныкталган.
Тергөө маалыматтарына ылайык, Т.К.И. 2025-жылдын январь айында уюшкан топ менен бирге Кыргызстандын жарандарынын 1 млн 300 миң сомун мыйзамсыз тартып алган. Ошондой эле жеке ишкерди коркутуу жолу менен ага таандык 10 миң АКШ долларын жана баасы 60 миң долларга бааланган өндүрүш жабдууларын ээлеп алган.
Мындан сырткары, 31-мартта Бишкек шаарындагы “Халва” кафесинин жанында бычак колдонуу менен жасалган кол салууга тиешеси бар делип кармалган адамдар да Т.К.И.нин кылмыштуу чөйрөсүнө тиешелүү экени белгилүү болду.
УКМК учурда Т.К.И. катышкан кылмыш иштери боюнча кошумча фактыларды аныктоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу максатында тергөө-ыкчам иштерин улантууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.