Каракол шаарынын мэри муниципалдык жерди арзан баада сатууга айыпталып кармалды
Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, буга чейин маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан Каракол шаардык мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталган.
«Алсак, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин А.Н.К. аттуу КР жаранына жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган»,- деп айтылат маалыматта.
Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш- аракеттери тооруктарды өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген А.Ф.А. тарабынан жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Ф.А. Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.