Ошто укук коргоо органдары адамдын жүзүн чүмбөтөп жүрүүгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү
Бүгүн, 10-апрель күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залына коомчулукта никаб жана паранжа кийинип жүргөндөргө карата түшүндүрүү иштери жүрдү.
Жыйынга Ош ШИИБдин ыкчам иштер боюнча орун басары Кожобек Козубаев, УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын адиси Эрлан Базарбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссисынын адиси Акматбек Оморов, Ош шаарынын казысы, Ош шаарындагы диний мекемелердин жана мечит-медреселердин имамдары, МАБдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада укук коргоо органдары коомчулукта никаб жана паранжа жамынып жүргөндөр тыюу салган мыйзам боюнча түшүндүргөн видео баяндарды көрсөтүп, «Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы иштеп баштаганын жана андай учурлар болсо айып пул салынарын эскертишти.
УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын адиси Эрлан Базарбаев мыйзамга өзгөртүү киргенге чейин Муфтияттан фатва чыкканын айтып, буларга токтолду.
«Мисал келтирсек, бетине маска тагып же никаб кийип алып кылмыш кылгандар болду, Араванда эле, өзүбүздө, уруулук кылгандар болду.
Силер өсүп келе турган адамдарга үлгү боло турган адамдарсыңар. Силер да ушуну шарияттын негизинде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп берсеңиздер. Анткени, аша чапкандык динибизге да туура келбейт. Учурдун талабы боюнча ушундай чаралар кирип жатат. Ушул себептүү ушул боюнча иштерди түшүндүрсөңөр жакшы эле»,- деди ал.
2025-жылдын 21-январында Президент Садыр Жапаров «Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койгон.
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын ишке ашыруу жана жоопкерчиликтерди белгилөө менен диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» КР мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.
7-апрель күнү Муфтият билдирүү таратып, никаб жана паранжа кийүү Исламда парз эмес экенин билдирген болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.