"Ашар" коомдук фондунун негиздөөчүсү 150 млн сомду алдоого шектелип кармалды

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 10-апрелде билдиргендей, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «Ашар» аттуу коомдук фонддун негиздөөчүсү президент Садыр Жапаров менен анын уулу Рустам Жапаровдун ысымдарын пайдалануу менен 600гө жакын жаранды алдап, болжол менен 150 миллион сом чогулткан. Ал адамдарга салган акчалары үчүн кыймылсыз мүлк же салымын эки эселеп кайтарып берүүнү убада кылган.
 
«Бир күндө эле ал жарандардан 500 миң сомго чейин акча алып турган. Учурда фонддо акчаны кайтарып берүүгө каражат жок», — деп билдиришти милициядан.
 
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталган.
 
Шектүү — 2000-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин да алдамчылык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
 
Тергөө иштери уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз