Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылык фактысы боюнча кармалды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шек саналып кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматына ылайык, ал өзүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катары көрсөтүп, бир партиянын мүчөсүн 30 000 АКШ долларына алдап кеткен.

Маалыматка караганда, ал 2024-жылдын октябрь айында шайлоо өнөктүгүн каржылоо максатында WhatsApp аркылуу ишенимге кирип, акчаны алган. Тергөөнүн жүрүшүндө бул факт аныкталып, УКМК тарабынан алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
 
2025-жылдын 17-мартында соттун чечими менен депутат М.у.А.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
 
УКМК жарандарды сак болууга чакырып, алдамчылык фактыларына туш келгендерди укук коргоо органдарына кабарлоого үндөдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз