Салык кызматы жүргүнчү ташууну мыйзамсыз жүргүзгөндөрдү аныктоо максатында көзөмөл сатып алууларды жүргүзөт
Мамлекеттик салык кызматы жүргүнчү ташууну мыйзамсыз жүргүзгөндөрдү аныктоо максатында көзөмөл сатып алууларды жүргүзөт. Бул тууралуу "Тазабек" басылмасы 2025-жылдын 10-апрелинде Бишкекте өткөн брифингде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердикти жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Султанбек Байгазиев билдиргенин жазды.
Анын айтымында, ошондой эле рейддер жүргүзүлүшү пландалууда.
«Такси кызматын көрсөтүү менен алектенгендер, айрыкча облустар аралык жана шаарлар аралык каттамдарда, негизинен автовокзалдар менен автостанциялардын аймагынан жүргүнчү алышат. Алардын кызыкчылыгы — жүргүнчүнү алып кетүү, ошондуктан жолдордо көзөмөл жүргүзүү көзөмөл сатып алуулар, жүргүнчүлөрдү сурамжылоо жана башка иш-чаралар аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде такси ишмердигин лицензиясыз жүргүзүү фактылары далилденсе, тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди Байгазиев.
Инспектор кошумчалагандай, лицензиясы бар таксилерди линияга чыгаруу жагынан диспетчердик ишмердик маселеси да каралууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.