Баткенде "Равшан-Тентек" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 1967-жылы 13-февралда туулган, “Равшан-Тентек” каймана аты менен белгилүү болгон КР жараны А.Р.О. Баткен шаарында кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары “Женго” каймана аттуу К.Досоновдун тобуна тиешеси бар деп шектелүүдө.

УКМКнын маалыматына ылайык, А.Р.О. Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу кирешелерди адалдоо") боюнча шектүү катары өтүүдө. 2001-жылы ал Баткен облусунун Дара айылындагы “Көк-Дөбө” дачасынын 1,5 гектар аянтын мыйзамсыз ээлеп алып, кийинчерээк документтерди мыйзамдаштырып, ал жерде турак жай жана чарбалык курулуштарды салган. 2004-жылы бул мүлктү кылмыштуу кирешелерин жашыруу максатында жакын тууганынын атына өткөрүп берген.
 
Мындан тышкары, А.Р.О. Бүжүм айылындагы 15 гектар айыл чарба жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланып, «Таза-Суу» скважинасынан өзүм билемдик менен кошулуп, жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен камсыздоодо көйгөйлөрдү жараткан.
 
Ошондой эле, ага Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси ("Электр энергиясын өз алдынча пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду. 2001-жылдан 2025-жылга чейин эсепке алуучу шаймансыз электр энергиясын колдонуп, мамлекетке 1 миллион 200 миң сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталган.
 
Тергөө иштеринин жүрүшүндө каттоосу жок ок атуучу куралдар жана ок-дарылар да табылган. Учурда А.Р.О. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кошумча кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз