Улуу Британиянын Жогорку Соту "аял" экенин аныктоо "биологиялык жыныска" гана тиешелүү деп чечти
Улуу Британиянын Жогорку сотунун имараты
Улуу Британиянын Жогорку соту “аял” түшүнүгү Британиянын Теңдик жөнүндө мыйзамында “биологиялык жыныска” байланыштуу экенин чечти. Бул тууралуу BBC News-ка шилтеме берип "CentralAsiа" басылмасы жазды.
Бул маселе 2018-жылдан бери уланып келген сот ишине байланыштуу. Ошондо Шотландия парламенти мамлекеттик мекемелердин жетекчиликтеринде жыныстык тең салмактуулукту камсыздоого багытталган мыйзам долбоорун кабыл алган. Бул чечимге “For Women Scotland” (Шотландиядагы Аялдардын укугун коргоо уюму, кыскартылган FWS) каршы чыккан. Алардын айтымында, бийлик бул мыйзамдагы квоталарга трансгендер адамдарды да кошуп койгон.
“Би-би-синин” орус кызматы эске салгандай, бул иш боюнча соттук териштирүүлөр Шотландиянын ар кайсы инстанцияларында өтүп келген. Өкмөт “жыныстыгын расмий өзгөрткөн” (жыныстык таануу күбөлүгү бар) трансгендер адамдар жыныстык белгисине байланыштуу коргоого ээ экенин айткан. Ал эми FWS уюму бул укуктар биологиялык аялдарга гана тиешелүү болушу керек деп эсептеген.
Акырында, Улуу Британиянын Жогорку сотунун судьялары Теңдик жөнүндө 2010-жылдагы мыйзамда “аял” түшүнүгү жыныстык таануу күбөлүгүнө ээ трансгендер аялдарды камтыбай турганын белгилешти. Сот мыйзамда “аял” түшүнүгү адам төрөлгөндөгү биологиялык жыныска байланыштуу экенин, ал кийин өзгөртүлсө да бул аны өзгөртпөй турганын баса белгиледи.
Соттук отурумга төрагалык кылган лорд Ходж белгилегендей, Теңдик жөнүндө мыйзам трансгендер адамдарды да басмырлоодон жана куугунтуктан коргойт.
“For Women Scotland” уюмун атактуу британ жазуучусу Жоан Роулинг колдойт. Аны буга чейин трансфобияга айыпташкан. Сот чечиминен кийин Роулинг X (мурунку Twitter) социалдык тармагындагы баракчасына FWS уюмунун мүчөлөрү бул ишти Жогорку сотко чейин алып чыгып, жеңишке жетишкенин жана бул аркылуу Улуу Британиядагы бардык аялдар менен кыздардын укуктарын коргоп калышканын жазды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.