Европа лидерлери Украина боюнча саммитке чогулду: Эмне маселелер талкууланды?
Лондондо Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин демилгеси менен Европа өлкөлөрүнүн лидерлеринин Украина боюнча саммити өттү. Бул тууралуу «Би-би-сиге» шилтеме берип "CentralAsia" басылмасы жазды.
Саммитке Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони, ошондой эле Польшанын, Чехиянын, Румыниянын, Нидерланддардын, Даниянын, Швециянын, Норвегиянын, Финляндиянын жана Канаданын башчылары катышты. Мындан тышкары, саммитке Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен жана НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте да келишти.
Согушту токтотуу боюнча жаңы план
Британ премьери Кир Стармердин айтымында, саммиттин башкы максаты — согушту токтотуунун планын иштеп чыгуу. Бул план алгач АКШ менен талкууланып, андан кийин биргеликте ишке ашырылат.
Жыйындын жыйынтыгында төмөнкү төрт кадам боюнча макулдашылды:
1. Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантуу жана Орусияга экономикалык басым күчөтүү.
2. Туруктуу тынчтык Украинага эгемендик жана коопсуздук кепилдигин камсыздашы керек, ал эми Киев сүйлөшүүлөрдө сөзсүз катышуучу болушу шарт.
3. Келечекте Орусиянын Украинага кайрадан кол салышын алдын алуу максатында Европа лидерлери аракет көрөт.
4. Украинага колдоо көрсөтүү жана өлкөдө тынчтык орнотуу үчүн «каалоочулар коалициясы» түзүлөт.
Стармер Улуу Британия Европанын аракеттерин «жерде жана абада» колдоорун дагы бир жолу ырастады. Ал Европа татаал ишти аткарышы керектигин белгилеп, бул план АКШнын колдоосуна муктаж экенин кошумчалады.
Британ премьери Дональд Трамп менен сүйлөштү
Кир Стармер АКШнын президенти Дональд Трамп менен байланышка чыгып, жаңы план боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди. Анын айтымында, саммиттин катышуучулары бул демилгени АКШ менен биргеликте ишке ашыруу маанилүү деген чечимге келишкен.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында британ премьери лидерлер жакын арада кайра жолугушарын жана ишти ыкчам улантуу зарылдыгын белгиледи.
«Биз азыр тарыхый бурулуш учурунда турабыз. Бул ашыкча сүйлөшүү үчүн эмес, иш-аракет көрүү жана адилеттүү, туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн биригүү мезгили», — деди ал.
Украинага 1,6 миллиард фунт стерлинг бөлүнөт
Стармердин айтымында, Улуу Британия Украинага 1,6 миллиард фунт стерлинг өлчөмүндөгү экспорттук каржылоону пайдаланууга уруксат берет. Бул каражатка 5000ден ашуун абадан коргонуу ракеталары сатып алынат. Ракеталар Белфастта өндүрүлүп, Британиянын коргонуу секторунда жаңы жумуш орундарын түзүүгө да жардам берет.
Британ премьери бул кадам Украинага сүйлөшүүлөрдө күчтүү позицияны камсыздайт деп эсептейт.
«Жакшы жана ачык талкуу болду»
Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Лондондо өткөн саммитти «жакшы жана ачык талкуу» деп мүнөздөдү.
Анын айтымында, лидерлер Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү, экономикалык жана аскердик жактан колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты. Ал Евробиримдикке ачык стратегиялык план жана бирдиктүү мамиле керек экенин белгиледи.
«Биз коргонуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү бекемдөөгө тийишпиз… Коопсуздукка каражаттарды көбөйтүү азыр абдан маанилүү, анткени биз эң начар сценарийге да даяр болушубуз керек», — деди Урсула фон дер Ляйен.
Ал Дональд Трампка кайрылып: «Биз сиздер менен бирге демократияны коргоого жана эл аралык укуктун негизги принциптерин сактоого даярбыз. Эч ким күч колдонуп чек араларды өзгөртө албайт», — деп билдирди.
Европанын коопсуздук боюнча жоопкерчилиги
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Европа өлкөлөрү коргонууга чыгымдарын көбөйтөрүн жана бул АКШ менен «адилеттүү тең салмактуулукту» калыбына келтирерин айтты.
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Украина менен Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Түркия аянтча боло аларын сунуштады.
Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери саммитке чакырылган жок
Саммитке Балтика өлкөлөрүнүн — Эстония, Латвия жана Литванын лидерлери чакырылган эмес. Британ премьери Кир Стармер бул үчүн кечирим сурап, кийинки жолугушууга аларды сөзсүз чакырарын убада кылды. Ал Балтика мамлекеттеринин Украинага көрсөткөн колдоосун жогору бааларын белгиледи.
«Европа ойгонду» – лидерлердин реакциясы
Польшанын премьер-министри Дональд Туск саммиттен кийин X (мурунку Twitter) платформасына: «Европа ойгонду», — деп жазды. Анын айтымында, катышуучулар Украинага жардам көрсөтүү, трансатлантикалык кызматташтыкты бекемдөө жана чыгыш чек араларды коргоо боюнча бирдиктүү позицияны карманышты.
Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони: «Бизге узакка созулуучу тынчтык керек, анткени туруктуу эмес тынчтыкты кымбат төлөп келишибиз мүмкүн», — деди.
Германиянын канцлери Олаф Шольц НАТОнун «трансатлантикалык шериктештиги» Европанын, Канада менен АКШнын коопсуздугунун негизги фактору экенин баса белгиледи.
Нидерланддардын премьер-министри Дик Схооф Европанын коопсуздукту камсыз кылууда чоң жоопкерчиликти өзүнө алышы керектигин айтты.
Саммиттен кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуу Британиянын падышасы Карл III менен жолукту.

Бул саммиттин алдында Вашингтондо Зеленский менен Трамп кайым айтышкан. Анда АКШ менен Украина тынчтык келишимине кол коюлары күтүлүп жаткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.