Ош: №8 М. Горький мектебинин мугалими сабалды
Иллюстрациялык сүрөт
Ош шаарындагы №8 Максим Горький мектебинин дене тарбия мугалими сабалды. Бул тууралуу өздүк булактарына шилтеме берип "Турмуш" басылмасы жазды.
Маалым болгондой, 14-апрель күнү түшкө жуук аталган мектептин дене тарбия мугалимин 11-класстын эки окуучусу сабап койгон
Мугалим учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатат.
Turmush басылмасы сабалды делген Т.З комментарий берди. Анын айтымында, окуучулар аны алдап сыртка чакырып алып сабашкан.
«14-апрель күнү сабак өтүп жатканымда балдар чакырып чыкты. «Мобул жакта 2 бала чакырып жатат» деп. Чыксам, «агай, кандайсыз, ден соолугуңуз жакшыбы?» деп учурашып, «жүрсөңүз бир нерсе көрсөтөбүз» деп, Ош МУнун бизнес жана менеджменд факультетинин имараты жакка мени жетелеп барышты. «Эмне болду?» десем, колунда кастети (темирдан жасалып, колго такканга ыңгайлуу буюм ) бар экен, бир урду. Өзүмдү саамга жоготуп, кайра турсам, дагы уруп качып кетишкен. Эки окуучу сабады. М. Горький мектебинин эле 11-классынын окуучулары болчу. Окуя 13:30-13:40тарда болду. Азыр Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатам. Бул боюнча милицияга арыз жазгам»,- деди ал.
Ош ШИИБден билдиришкендей, окуя катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.