№72 мектептин окуучусунун каза болушу: Тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлөт

Сүрөт: "АКИпресс"

Тергөө аяктады, экспертизалар даяр. Жакын арада материалдар сотко жөнөтүлөт, — деп билдирди ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 17-апрелде парламенттин жыйынында.
 
Кара-Суу округунан депутат Илимбек Кубанычбеков 9-класстын окуучусу каза болгон окуяны эске салды.
 
Министрдин орун басары бул факт боюнча “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтты. Азыркы тапта шектүү адам камакта экени белгилүү болду.
 
2025-жылдын февраль айында №72 мектептин окуучусу каза болгону маалым болгон. Окуя Бишкектеги Жаңы-жал кичи районундагы мектепте болгон. Мектеп администрациясы баланын ажатканада жыгылып кеткенин билдирген. Ал эми туугандары аны жогорку класстын окуучулары сабап салган деп эсептешет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз