Зеленский: Украина АКШ менен Орусиянын Сауд Арабиядагы сүйлөшүүлөрүнө катышпайт жана сүйлөшүүлөрдү тааныбайт

Украинанын бийлиги Сауд Арабияда пландалып жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу эч нерсе билбейт, ошондуктан да Украина сүйлөшүүгө катышпайт жана аны тааныбайт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Араб Эмираттарында билдирди, деп жазат CentralAsia.media.

Ал Россия менен АКШнын өкүлдөрүнүн Эр-Рияддагы жолугушуусу тууралуу комментарий берди.

«Украинасыз өткөн сүйлөшүүлөрдү натыйжасыз деп эсептейбиз жана биз жөнүндөгү кандайдыр бир макулдашууларды бизсиз тааныбайбыз. Биз жок жетишилген макулдашууларды тааныбайбыз», – деди Зеленский («Интерфакс-Украина») келтирет.

Учурда Зеленский Бириккен Араб Эмираттарында расмий сапар менен жүрөт. Андан кийин Сауд Арабияга барат.

Зеленскийдин айтымында, анын Эр-Рияддагы сапары Америка Кошмо Штаттары менен Россиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусуна тиешеси жок.

18-февралда Эр-Риядда АКШ менен Россиянын өкүлдөрү жолугары пландалган. Ага АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, ал эми президенттин  улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана  президенттин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф катышат. Москванын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышат.

Буга чейин Дональд Трамп Сауд Арабиядагы сүйлөшүүгө Украинанын да өкүлдөрү катышарын билдирген.

Кремль болсо жолугушуунун негизги максаты - өлкөлөр ортосундагы мамилени калыбына келтирүү, Украина менен Россиянын жаңжалын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даярдануу, ошондой эле Путин менен Трамптын жолугушуусун уюштуруу экенин билдирди.

Путин менен Трамптын жолугушуусу февраль айынын аягында Эр-Риядда өтүшү күтүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз