"Муктаждарга жардам берем" деп жарандарды алдап жүргөн 25 жаштагы жаран кармалды

«Муктаж жарандарга жардам берем» деп, 8 адамды алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарады.
 
Маалым болгондой, шаардык милицияга Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну - 1986-жылы туулган А.Н. арыз менен кайрылган. Себеби, 2025-жылдын 29-январь күнү Тик-Ток социалдык тармак аркылуу “Бобур” аттуу бала, “кыйналган муктаж адамдарга жардам берем” деп жарнама чыгарган. «Ошол жарнамага мен да пикир калтырсам, ал мага тик-токтон жазып, воцап номеримди сурап, видео вызов аркылуу чалып, “кайрымдуулук кылып журөм, сизге жардам беремин” деп “О!банк” тиркемесин көчүрүүнү айтып, көчүргөн соң менин атымдан 65 миң сом насыя алып койгон» деп билдирген.
 
«Ушундай эле арыз менен “Бобур” аттуу шектүүнүн үстүнөн 8 жаран арыз жазган. Факт шаардык милицияга Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренесинин (Алдамчылык) белгилери менен каттоого алынып, шектүүнү аныктоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Тактоо жана издөө иштерин жүргүзүү учурунда, аталган шектүү өзүнүн Тик-Ток баракчасынан жардамга муктаж адамдарга жардам берүүнү убадалаган жарнамаларды байма-бай жарыялап турганы белгилүү болуп, шектүү 2000-жылы туулган Ош облусунун тургуну Н.Б. экени аныкталып, тергөөгө камсыздалды. Тергөө иштери уланууда»,- деп айтылат маалыматта.
 
Шектүү Н.Б.нын баш коргоо чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып, бир айга камак түрү тандалып алынды. 
 
Аталган “Бобур” аттуу шектүүдөн жабыркагандар болсо төмөндөгү телефон номерлерине кайрылыңыздар болот.
 
Тел: 0551-62-10-41, 0220-41-41-91.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз