Ошто адам өлтүрүү боюнча соттолгон жаран таанышынын 16 миң долларлык автоунаасын алдап кеткен
Ош шаарында 10 жылга эркинен ажыратылган жаран тааныш адамдын 16 миң долларлык автоунаасын алып, акчасын берген эмес. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын тургуну арыз жазган. Ал арызында 2024-жылдын 24-июлунда болжол менен саат 11:30 чамасында өзү жашаган үйүнүн жанынан А. уулу С.га таандык болгон 2012-жылы чыгарылган күмүш түстөгү “Инфинити” үлгүсүндөгү автоунаасын көз тааныш жаран баалашып, “акчасын 10 күн ичинде беремин” деп, автоунаасын алып, алдап кеткендигин билдирген.
«Факт шаардык милицияга катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголгон. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучу А. уулу С.га жалпысынан 16 000 (он алты миң) АКШ доллардык материалдык зыян келтирген»,- деп айтылат маалыматта.
Ыкчам тергөө иш-чараларыны жүргүзүү учурунда шектүү мурда кылмыштуу топтун мучосу катары каттоодо турган, кылмыш жоопкерчилигине 2012-жылы КР КЖКнын 97-беренесинин 3-бөл. (эски редакция,) адам өлтүрүү фактысы менен соттолуп, 10 жыл эркинен ажыратылган, Ош шаарынын 1987-жылы туулган Т. Н. экендиги аныкталган.
Шектүүнүн жашаган жерине кечиктирилгис тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда 1 даана кара түстөгү Калашников (АК-12) үлгүсүндөгү номерлери өчүрүлгөн автомат, 1 даана кара түстөгү магазин, 7 даана 5,45мм ок даары, 1 даана кара түстөгү маска далил буюм катары табылып алынган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.