Президент Өзгөчө кырдаал министрине катуу сөгүш берди
Милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Эргешович Ажикеевге катуу сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Президент Садыр Жапаров кол койгон.
11-майда социалдык тармактарда жоокерлерге кордук көрсөтүлгөн видео тараган.
Аскер прокуратурасы билдиргендей, окуя КР ӨКМге караштуу 86123 аскердик бөлүктө болгон. Аскердик бөлүктүн офицери тарабынан аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлерге карата зомбулук көрсөтүлгөндүгү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгүнүн 1-пункту («Сабап кыйноо») боюнча кылмыш иши козголгон.
ӨКМдин маалыматы боюнча, бул окуя 2025-жылдын февраль айында болгон жана ага тиешеси барлар жазага тартылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.