200 млн сомдук долбоор: Ошто июль айында «Булак» спорт комплекси иштеп баштайт
Бүгүн, 12-май күнү Ош шаарындагы «Булак» спорт комлексинин курулушу толук бүтө элек имаратында курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштыруу иш-чарасы өттү.
Аталган иш-чарага белгилүү альпинист Эдуард Кубатов башатаган активисттер, Кыргыз премьер-лигасынын судьялар комитетинин төрагасы Бахадыр Кочкаров, Ош мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов, ишкерлер жана журналисттер катышты.
Эдуард Кубатов, Бахадыр Кочкаров баштаган жоон топ Ош шаарында көп функциялдуу спорт комплексинин курулуп жатышы шаардыктар үчүн түзүлгөн мыкты шарттарды бири экенин белгилешип, долбоордун Ак-Буура дарыясынын жээгинде ишке ашып жатышы экинчи борбор калаага өзгөчө көрк болорун айтышты.
Аталган долбоор Мамлекетиик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында жүрүп, «Дем-Ал» ЖЧКсынын инвестициясынын негизинде ишке ашууда.
Ош мэриясынын өкүлү Мирлан Исраилов мэрия 4 миң чарчы метр жерди «Дем-Ал» ЖЧКсына 25 жылга ижарага берилгенин, ЖЧК бул долбоорго 95 млн сом жумшарын билдиргенин айтты.
Аталган «Булак» спорт комлексинин негиздөөчүсү Эльдар Торобаев буларга токтолду.
«Бул спорт комлекс Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын негизинде мэрия менен келишим түзүлүп башталган. Бүгүнкү күндө 4 миң чарчы метр жерге спорт комплекси курулду. Мунун ичинде олимпиадалык бассейн – узун-туурасы 50 метрге 20 метр, 8 паласа. Машыгуучу зал, аэробика, йога жана башка спорттун түрлөрү менен машыгуучу косплекс болот. Долбоор 2024-жылдын июль айында башталган. Буюрса 2025-жылдын июль айына ишке беребиз деген планыбыз бар. Келишимдин негизинде 95 млн сомго долбоор бүтөрү жазылган. Бирок, курулуш иштеринин жүрүшүндө 200 млн сомго жакын акча кетип жатат»,- деди ал.
Буга чейин аталган спорт коплекстин ордунда «Дельфин» аталышындагы бассейн болгон. Анын имараты эскиргендиктен жергиликтүү бийлик эл аралык стандарттарга ылайык келген спорт комплекс курууну чечкен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.