Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалган жаран асынып алды
15-май күнү кечки саат жети жарым чамасында Ленин райондук ИИБнин убактылуу кармоо жайында кармалган жаран өз жанын кыйган. Бул тууралуу 16-майда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргенин "АКИпресс" басылмасы жазды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 1991-жылы туулган эркек киши сырт кийимин колдонуп, өзүн өзү өлтүргөн. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү («Уурдоо») боюнча кармалган.
Милициянын айтымында, маркум буга чейин да ушул сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу жоопкерчиликке тартылган. Ага электрондук көзөмөл чарасы колдонулган. Бирок 2025-жылдын апрель айында Ленин райондук соту анын сотко келбегендигине байланыштуу бөгөт чарасын камакка алуу түрүнө өзгөрткөн.
Анын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сыртынан кароодо эч кандай жаракат белгилери табылган эмес.
Бул окуя боюнча материалдар Ленин райондук прокуратурасына текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.