Оштогу борбордук базарда мыйзамсыз кармалган бөдөнөлөр аныкталып, кармагандарга айып пул салынды
Ош шаарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз сатууга каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экология жана техникалы көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгынан билдиришти.
Анын айтымында, 18-майда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын Өнөр жай, курулуш жана жаратылыш ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн ӨКЖАББ кызматкерлери жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Ош шаарынын борбордук базарындагы канаттууларды сатуу жайында рейддик иш-чара өткөрүшкөн.
Бул рейддин негизги максаты — жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоо жана сатууга бөгөт коюу, ошондой эле жаратылышты коргоо болуп саналат.
Текшерүү учурунда төмөнкү мыйзам бузуу фактылары аныкталган:
М. Н аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз кармалган 17 баш жапайы бөдөнө;
Э. К аттуу жаран тарабынан 3 баш жапайы бөдөнө;
Ээси жок 16 баш жапайы бөдөнө;
Ошондой эле Э. К. аттуу жаран 110 метр узундуктагы жапайы бөдөнөлөрдү кармоого арналган синтетикалык торду сатууну жүзөгө ашырып жаткандыгы аныкталды.
Аталган эки жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесине ылайык 2 административдик протокол түзүлүп, ар бирине 10 000 сомдон, жалпысынан 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жалпысынан 36 баш жапайы бөдөнө жана 110 метр синтетикалык тор башкармалыктын балансына өткөрүлдү. Бөдөнөлөрдүн абалы канааттандырарлык болгондуктан, алар Ош шаарынын Учар участкасындагы талаа аймагында кайрадан жаратылышка коё берилди.
Бул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге каршы көзөмөл иш-чаралары мындан ары да системалуу түрдө жүргүзүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.