Кара-Сууда ургаачы арстанды мыйзамсыз кармаган жаранга 20 миң сом айып пул салынды
Ош облусунда арстандын ургаачысын мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-майда Кыргыз Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын инспекторлору, Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жана Ош-Баткен аңчылар жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылында жаратылыш ресурстарын коргоого багытталган рейд жүргүзүштү.
Рейддин жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын бири 8 айлык арстандын ургаачысын тиешелүү уруксат кагаздары жок мыйзамсыз кармап турганы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 262/1-беренесине ылайык, жаранга 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө айып салынды. Арстан убактылуу Ош шаарындагы И. Эргешовго таандык зоопаркка өткөрүлүп берилди.
Жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоонун алдын алуу жана жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.